сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
291   7
19.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Бир кызык окуя айтып берейин 😁 Бугун ушул китептерди алып, досум Жыпара менен курсакты кампайтып кафеден чыксам эле орус улутундагы чачы агарган ата же бизче айтканда дедушка домашний жумуртка сатып отуруптур. Чакырып эле арзан жана берекелуу болот сатып ал деп калды. Айттырбай сатып алмакмын, бирок уйго барсам кечки тамак жасаганга жетишпей калам деп жанымдагы акыркы майда акчама тамак сатып алдым эле... Негизи жолдошум экообуз кочодо кары адамдар бир нерсе сатып отурса созсуз сатып алабыз... Эртен дагы отурсаныз келип сатып алам дедим 😀 Орусча суйлоп атып эле кыргызча суйлоп койду " всегда говори буюрса " -деп . Анан корбой туруп эле куйоон милицияда иштейби дейт . Жок десем чынын айтсан милиция да ээ дейт 😀Пограничиник дедим. Куйоон бар экен,балдарын бар экен,озун жакшы адам экенсин. Сенин куйоон омур бою жакшы коруп, кызыгуусу тарабай, сенден энергия алып жашайт. Энергиян жакшы экен деп, сен жакшы адамсын деп кайра -кайра айтыр суйундуруп койду 😂 Кулкум келип Жыпараны кутуп калгам (инисинин кийимин ондоп тузоп кармалып калды окшойт) Кайра маегин улады. Сен прокуратурада иштейсинби деп кулдурду. Сен юристке окшоп атасын дейт 😂 Бир кезде Жыпара чыкса бул досун турмушка чыга элек экен деп андан ары да бирдемелерди айтып кулдурду. Ойдо жок жерден бизди кулдуруп, маанайды которду . Эртен озу айткандай буйруса атайын ошол жака барып домашний жумуртка сатып алам . _________ Эми башка созго отойун. Жашообузду озгортуш учун ой -жугуртуубузду озгортушубуз керек. Ага жалгыз эле инструмент бар, ал - китеп . Китеп дукондорун баарыбыз чогуу колдойлу. @_books_kg @_books_kg бул баракчага катталып , китеп сатып алып окуйлу ❤️❤️❤️
Загрузка...
2694   7
21.11.2019
Келгиле окуйлучу. Үч сөздү ушак кылбай, Үмүткө тузак курбай. Шал баскан денебизди, Шайтанга учак кылбай. Уйкудан качалычы, Ууз сөз таталычы. Эселек мээбиздин, Эшигин ачалычы. Бал китеп тандайлычы, Барактап жандайлычы. Караңгы көңүл менен, Кабырда калбайлычы. Сотканы таштайлычы, Сонундан баштайлычы. Жан чыкса сынактар бар, Жанбаштап жатпайлычы. Көр намыс ороңдойбуз, Көп билсек жоголбойбуз. Эч китеп тааныбасак, Эч качан оңолбойбуз. Тоокчо чокуп алып, Төө десең өзүнө алып. Аалымчик болуп бүттүк, Алты сөз окуп алып. Көөнүндө жаштык кулап, Көбүндө карттык турат. Бир күнгө бир адамга, Бир китеп аздык кылат. Китеп бул деңиз экен, Китепсиз кейиш экен. Ошончо китеп билсең, Ошончо жеңиш экен. Кыргызды айайлычы. Кыйнабай тайайлычы. Эч десе окуганга, Экөөбүз жарайлычы. Китепти өбөлүчү, Китепке чөгөлүчү. Билигин сурап жүрбөй, Билимдүү өлөлүчү. Сөз берсек туралычы, Сөз баалап угалычы. Келгиле китеп менен, Келечек куралычы. Жеңишбек Жумакадыр.