сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
2418   0   25267
06.04.2020
Сборы денег продолжаются! Акчаларды чогултуп жатабыз! @elimbarsynby_official Бактыбай аке 1000$ Малик 20.000 сом Максат 10.000 рубль Чолпон 7000 сом аманат тапшырылды. #отчет Достор, өлкөдө оор абал болуп турган учурда үйүндө азык-түлүгү жок отурган мекендештерге жардам берели. Каражатты төмөндөгү реквизиттер аркылуу которо аласыздар: 1⃣ «ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ» ККФ банк эсеби. КР, г. Бишкек, ул. Исакеева 18/3 Расчетный счет: 1091620099650110 БИК 109016 ИНН: 01410200810043 ОКПО 25925621 Юр.адрес: КР, г.Бишкек, мкр-н Тунгуч, ул.Исакеева 18/3 Код налоговой 003 ⠀ 2⃣ электрондук капчыктар: ЭЛСОМ — 0770 00 40 44 Баланс — 0770 00 40 44 М-банк — 0770 00 4044 О деньги — 0770 00 40 44 ⠀ 3⃣ акчалай же башка жардамыңарды (азык түлүк, даары-дармек ж.б) Нурсултан Майназаров, Эркин Рыскулбеков же Кубат Кубанычбеков келип алып кетишет. ⠀ Чогулган каражаттардын ачык жана калыс муктаждарга жеткирилишине “ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ” фонду жана уюштуруучу топ толук кепилдик берет. Жардам берели, биригели!
Загрузка...
654   0
01.02.2020
Күтүп жүрөм. 💘 Көңүлүң болбосо да көңүлүмдөй, Көздөрүң Кара- Кече көмүрүндөй. Батыраак жүрөгүмдү айыктырчы, Баткендин кызыл кандек өрүгүндөй. Сагалап үйүңө да көп баргамын, Сага деп канча сонун кеп тандадым. Жемеңди жеген сайын кубаттанам, Жегендей Нарынымдын беш бармагын. Кыялым Кожожаштын аскасындай, Кылыгың Американын акчасындай. Тийгиче жалынамын , жалбарамын, Тилегим Жалал - Абад пахтасындай. Аш ичпей калдым матиз моторундай, Ашыктык кыйнайт тура баш оорудай. Татынам сени чоочун албаса экен, Таластын түрктөр жеген фасолундай. Жабыркап сөз берүүдө дал ушундай, Жан дүйнөм парламенттин шайлоосундай. Ыйлатып башка жерге кете көрбө, Ысык - Көлдүн Каркыра жайлоосундай. Сезимдер деңизине түш эринбей, Сен менен кайыгы жок сүзөм бирдей. Ошондой элестерди сактап жүрөм, Ошумдун Сулайман Тоо музейиндей. Ысык чай дасторкондо сүттөп берип, Ысык жар болчу мага издеп келип. Жүгүрүп сен эртерээк куткарбасаң, Жүрөгүм Чүйдө жатат бишкектелип. Жеңишбек Жумакадыр.