сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
5963  
28.11.2019
Адам толукшуп, бактылуу болуп, канат байлап турганда иши кадимкидей жүрүшүп, энергиясы ашып - ташып, колунан баары келип, элдин да назарына эгедер болуп, көп иш бүтүрүп, жолу да шыр кетип, өзүнө өзү сулуу көрүнүп, элге да жагып, ырас эле төрөлүп, ырас эле жашап жатыптырмын деген ойго кептелип калат! Дүйнөдөн кынтык , өзүнөн кемтик таппай, төгөрөк төп келишип, атайы издесең да мүчүлүштүк кыйын болуп, жашоо өзгөчө өңүткө чыга келет. Маанайың бузулуп турган кезде, бечелге жөтөл жабышып, аксанга муштаган болуп, үстөккө босток үйүлүшүп, ишиң ичинен чыкпай, түз кетпей ийри жүрүп, ичкениң ирим болуп, иштериң ирип кетет. Тогуз толгооң бир келип томолонуп, толгонуп, оңунан чыкпай, солунан кетип, кыйчалыш жүрүп баары, кыйналып жаның, кыйышка туура келип, кынтыгы бүтпөй табылып, куурайсың. Күзгүдөн карасаң, күлүмсүрөгөн эч ким жок, кебетең огош бетер келишип, жүдөө чыга келесиң. Ишиң жүрүп, итиң чөп жеш үчүн дайыма жакшы толкундан түшпөй, каткырык, позитив бар жерде жүрүш кк окшойт. Ал толкундан үңүрөйгөн, наалыган толкунга түшүп калдың дегиче өлдүң! Наалыта турчунун баары ээрчишип келет. Кээде жолумду таппай, караңгылык келген учурда көйгөйүмдү көтөрө албай калганымда Жаратканга жалынып туруп, өзүң каалагандай чечип бер деп, колуна салып, тапшырып берем. Көп учурда Жараткандан талашып алып, өзүм жасайм деп тырбалаңдай беребиз. Саздын түбүнө түшүп кеткенге чейин тырбалаңдайбыз. Ошон үчүн ситуацияны кое берип салам. Ойлонбой жүрө берем. Оюмдун баарын башка эле нерсеге топтойм. Түбөлүгүң түз болсо, түйшөлгөндөн не пайда дейм. Бир күнү убагы келгенде ар бир ташы өз ордуна отурат. Ошого бекем ишенем. Отузга келгиче үйрөнгөнүм ошол. Ошон үчүн позитивде, жакшы толкунда жүрөлү, жакшыларым! #жөнэлеойлор
1406  
08.12.2019
Бозо! (Менден сурганган эже-сиңдилер үчүн) 1. Бир чоң кашык тоң майга эки чоң кашык унду кызарта куурасыз. (ун 1-сорт болсо жакшы). 2. Кызарып куурулган соң, ага 4 литр суу куюп кайнатасыз. 3. Тарууну жууп (1кг), кайнап турган сууга салып, эзилгенче бышырасыз. Эгерде суусу аз болгонсуп калса, кайра кайнак суу кошсоңуз болот. Түбүнө тартып кетпеши үчүн улам аралаштырып турунуз. 4. Таруу бышып, ал ботко болуп калгандан кийин, аны муздатасыз. Бирок өтө муздап кетпесин. Болбосо ачыбай калат. Улам аралаштырып муздатасыз. 5. Жылымтык абалга жеткен соң, ага 3-4 кашык угут салып эзесиз. Биз жакта бул аракетти “чечет” деп коет. Башкача айтканда, угут боткону суюлтушу керек, суюлса демек чечилди. Чечилбей жатса дагы бир аз угут кошуңуз. 6. Жылуу кезинде ага жылуу бозо-ачыткы куясыз. Бул учурга 600-700 гр.бозо болсо болот. (мен ачыткылык бозону Шоро фирмасынан сатып алам, чычырканак кошулган бозосу абдан жакшы даам берет экен). 7. Анан ачыганча (5-6 саат) жылуу жаап күтөсүз. Карап көрүңүз, эгер ачыганы байкалса, демек даяр болду. 8. Албетте, сүзүү керек. Ар ким ар кандай ыкмада сүзүп алат. Мен капрон кездеме сатып алгамын, ошону колдоном. 9. Сүзүлгөн бозону 1-2 саат күтөсүз. Анан ичүүгө даяр! Эсинизде болсун, бозону 3 күнгө чейин муздаткычта сактап ичсениз болот. Андан кийин башты ооруткан эле кычкыл суусундукка айланып калат. Эң пайдалуу 3 күнгө чейинкиси. Берээрде бир аз жылытып алуу ичкенге ыңгайлуу, пайдалуу жана жагымдуу! Даамдуу болсун!