6141 219
12.03.2020
Көрүнгөндүн тагдырына бышактап ыйлай бермей адатым бар болчу. Көчөдөн кайырчы көрсөм, ага ыйлайм. Бирөөнүн тагдырын уксам, буга ыйлайм. Өзүнчө эле Асан кайгы! Адамды кой жан - жаныбарга да бырылдап ыйлай бермей. "Боорум ооруп атат" сөзүн көп кайталадым. Жашоомдогу эң көп айткан сөзүм ушул болсо керек. Анан чын эле физикалык жактан боорум ооруп, даарылап, айыктым. Бир жолу бир китептен бирөөгө боор ооругандай кимсиң деген сөздү окуп калдым. "Боор ооруу менен сен аны басынтып, өзүңдү өйдө сезип атасың", - деди. Ар бир адамдын ой - жүгүртүүсүнө, деңгээлине, билимине, көз карашына жараша өзүнүн тагдыры болот экен. Айрым учурда аларга жардам берүү менен жүгүн өзүбүз көтөрүп алып, Жараткандын ага берген тапшырмасын аткарууда жолтоо болот экенбиз. Жараткан берчү сабакка тоскоолдук жаратат экенбиз. Азыр ар кимдин көтөрүп жүргөн өз жүгүнө карата мыйзам ченемдүү көз караш пайда болду. "Демек, Жаратканымдын билчүсү бардыр. Кийлигишпейм" деп калдым. Таптакыр кайдыгер болуп кетүүнүн да кажети жок. Боло албайсың дагы. Адам болгон соң, жүрөк аттуу бир муштум этиң көрмөксөнгө сала албайт, бирок чеги мн. Оор жүгүбүз эмнени көрсөткүсү келип жатат суроосу менен алек бололу! Жараткандын сабагын үйрөнмөйүнчө өмүр бою жүктүү жүрөсүң. #жөнэлеойлор
Photo by @djanjyldyza