сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
6018   217
25.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Үч күн изоляцияда болуп, болгон анализдин баарын тапшырып таза чыктым кудайга шүгүр. Эми дагы 12 күн үй карантининде болушум шарт. Египетке ырас эле барыптырмын деп да ойлонуп койдум. Себеби мындай учурду ичинен көрүп сиздерге туура так маалымат берип турганыма жакшы шарт болду. Кийинки посттордо кененирээк айтып берем. Анда эмес бул пост обсервацияларда күнү-түнү иштеп жаткан инсандарга ыраазычылык болсун: Булар: 1.Медицина кызматкерлери 2.Милиция кызматкерлери 3.Обсервациядагы кызматкерлер Күч кубатты сиздерге берсин. Мындай учурда үй бүлөөңүздөрдү таштап 24 саат бою кызматта жүрөсүздөр. Мындай жерлерде иштөөнүн өзү чоң баатырдык,себеби ооруну жугузуп алуу коркунучу бар. Кыргызстанда ушундай мыкты-патриот-профессионал инсандар бар экенине ыраазымын. Эч качан оорубаңыздар,үй бүлөөлөлүк бакыт каалайм. 🙏🙏🙏 Ушул сүрөттөгү эжелер менин постумду окушат экен(башка жердеги обсервациялар деле окуса керек),келгиле достор баарыбыз аз да болсо жалпы #Коронавирустан бизди сактап жаткан баатырларга моралдык жактан колдоо көрсөтүп, дух берип жакшы сөздөрүбүздү жазалы. Эс алуу убактысында окуп жылмайып, чарчаганын унутуп жакшы позитивдүү энергия алып кайра жумушка кайтсын жылмайып 🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏 #coronavirus #Коронавирус
7709   217   220521
31.03.2020
"Личкам" суроого толуп кетти😊Рахмаат активдуулугунуздорго!Бул пирогдун рецептин сураган Айымдарга: Тарыхын айтып берейин.Гастрольдоп Айдаркенге барып калдык.ДК директору Азим агай уйуно чайга чакырды.Агайыбыздын кызынын колу ширин экен турдуу шириндиктерди жасап,дасторконун толтуруптур.Ошондо бир идиште дал ушул пирог туруптур.Жесен камыры оозунда ээрийт.Дароо рецепт жазып алдым да,ар дайым жасап келем.Рахмаат Азим агайдын уй-булосуно❤️ Рецепт: Фарш:кадимки эле фарш(эт,пияз,картошка,жусай,туз,мурч) Камыры озгочо пирогдун: -2 жумуртка,устуно 200гр сметана,разрыхлитель,туз(на вкус) жакшылап аралаштырып,чалып туруп коюп коесуз(ачыткы)(10мин) -1шт щедрое лето(200гр)ээритип ун кошуп аралаштырып,устуно тиги ачыткыны куюп,камыр кылып жууруйбуз.Унду жумшак камыр болгончо сала бересиз.Камыры былкылдап,озгочо жумшак болот.Анан 10мин тындырып коебуз. ___ Листти майлап туруп,камырдын жарымын видеодогудай кылып жайып фарш салабыз.Устуно калган жарым камырыбызды жаап,четтерин чымчылап туйуп чыгабыз.Бетин вилка менен тешкилейбиз.Духовкага салабыз 200 градуска коюп кызарганча карап турабыз.Бышканда алып жейбиз🤤🤤🤤Аш болсун!!!❤️❤️❤️