9911 212
29.01.2020
"Мысли материальны" акыркы убакта эң көп уккан сөзүм. Балким антпей эле тагдырыңа чийилген нерсең сезимиңе түшөттүр. Ошону ойлой баштайсың. Кыялданасың. Ага жакындаган сайын анын өңү, жыты даана келип, чыга баштайт. Кыргыздын туюму, сезими күчтүү. Касиети бар эл эмеспи. Бирок мындай улуу күч бөтөн элде жок болгондуктан балким алар кыялданып анан жетесиң деп ойлойт чыгар? Маселен, Жараткан мага сүйлөө талантын бекеринен бербегендир. Ал тагдырымда болгон үчүн эл алдына чыгуу да тагдырда жазылуу болгон. Эс тарткандан бери экранды элеси андагы сүйлөп жаткан Назира келе берет эле. Чет элдиктер муну кыялданып анан кыялыңа жеттиң дээр. Бирок мен тагдырдагы нерсе гана сезимиме түштү. Алдына ала көрөгөчтүк, сезгичтик деп эсептейм. Жолдошумду биринчи көргөндө эле "Мына, менин жолдошум!" дегем. Алгачкы балам уул төрөлөрүн да билгем. Атасы тун төрөлгөн уулума деп окуп жүргөндө эле Карасаевдин сөздүгүнөн "Ариет" сөзүн тандап алган. Мааниси "ар - намыс" дегенди түшүндүрөт. Демек, анын да сезимине түшкөн. Апам жөнөкөй мугалим жана айлыгы 2000 сом экенине карабай, "Мен чоң университетте окуйм. Болгондо да чет тилин " дечүмүн. Кокусунан олимпиададан жеңип калып эле бекер окууга өтүп кеткем. Мунун баары тагдырымда бар болчу демек. Болбосо, ата - энем музыкант. Балалыгым комуздун башын тиштөө мн, үйдөгү ыр - чоор мн өттү. Андан бөлөк дүйнө көргөн эмесмин. Эмнеге мен музыкант болом, же ырчы болом деген эмесмин? Тагдырымда жок нерсе жүрөккө түшпөйт окшобойбу? Айтор, айтып отуп турсам, мындай көрүнүштөр көп. Бул темада көп ойлондум. Бүгүн бышты көрүнөт. Бул менин гана божомолум. Балким жаңылышам. Бирок, сезимие бүткөн нерсе сөзсүз чындык мн беттешет. Не дедиңер? #жөнэлеойлор