сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
11066   210
25.05.2020 Кум-Арык
Бул жигиттин алтындай болгон апасына тизе бугуп, таазим этем!!! Ушундай бир соз менен айтканда "жакшы адам" кылып, тарбиялап чонойтуптур. Эми апасынын колун узартып, башын которгон, жакшы жар туш келсе экен деген тилегим бар. Негизи отметка кылгым келбейт,атайлап мактагандай болуп🙈 кийин белгилеймин. Сынадым Нурматты чындыгында, чыдаар бекен ушундай съёмкаларга. Конулун карап, мамиле кылдым. Ишенбейсиздер да эми, баары биригип 3кун уктабай, массовканын проблемаларын чечип, даярданып, тундо 3то жолго чыктык. Нурмат айтып калды: " эрте эмеспи?"- деп😋 Ичимден ойлодум, кантсе да жылдыз да, актёрлор чай ичет элем, ал эле бул эле дечу эле.., кетип калат гоооо деп ойлодум. Кантседа билем да жылдыздардын кыялын. 🤣🤦‍♀️ Жоок, жигиттин гулу оолугуп, энергиясы ашып, конулу тойбой дагы тарталы деп кызып турган чагы😊 Элге аралашып, жардам берип, ары-бери чуркап аттарды, малдарды кууп келип, айтор салымын кошуп атты. Акыры эрте эмес, кеч чыкканыбызга озу ынанды окшойт. Нурматты ошончолук мыкты жигит деп ойлогон эмесмин. Ыраазымын🙏 Жакында чон жанылык сиздер учун😜💋💋💋 ____________________________________________ Баса, боюмда жок. Топик болгондуктан, алдына материал кошуп койдук.💃🕺 @nurmat_sadyrov 🤗
6532   210
15.04.2020
Жан дүйнөнүн кыжалаттыгын токтотуу кыйын. Өзгөчө кыжы - кужу ой басат. Мээңде эки ой эки башка бөлүнүп алып кырылат. Болбогон нерсеге эле санаа тартып, өзүбүздү өзүбүз жемей адат бар. Алдыдагы менин ишим - ошол кыжалаттыкты таштоо. Оорунун баары ошондон чыгат дешет. Дүйнө бир тең болуп камырабай жүргөндөргө жыргал. Ошолордун жыргалчылыгын үйрөнүү керек. Бир ишим бүтмөйүн бышып кетем. Шашмамын. Убагында жеткичекти нерв кашайып, сүйлөнүп,сөгүнүп - сагынып айдайсың унааңды. Көңүлдү башкага буруп, мээңдени окуяларды башка каналга которо билүү сонун. " Эч нерсеге эч качан кеч эмес. Боло турчу нерсе өз убагы мн болот " дегенди бир тренингден уккам. Ошондон кийин жок дегенде унаада тыгынга калып калганда сөгүнбөй калдым. Болбосо машинамды көтөрүп алып эле чуркагым келчү. Сенин ишиң, оокатың, сенин адамың болсо, сага буюрат. Миң кыжалат болуп, башыңа бүткөн түктүн баарын терип салсаң да сеники болбогону кетет. Жакшылыкка деп жоруп, демек, ушул нерсе буюруп атат дегендик болуш кк экен. Миң кыйын болот акыл. Билем дейт! Колдонгонго келгенде эле кокондон башка эчтеке жок. Баарыбыз акылдуубуз. Оюбузда бирок. Тажрыйбада ар ким ар кандай жыйынтык көргөзөт. Акылдуу ойлорду жашообузга колдонгонду үйрөнүү - эң сонун иш! #жөнэлеойлор