сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
8389   208
26.06.2020
Койнок @armine.kg 🔥👏Фотограф @adilet_bekturov 🔥🔥🔥 ___ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАКШЫ КИЙИНИП ЖҮРҮҮ КЕРЕК Адамдын сырткы көрүнүшү өтө маанилүү. Себеби сырткы көрүнүш, адамдын өзүнө жана ошондой эле айланасындагы адамдарга, өзү жөнүндө ар кандай ой пикирди билдирип турат. Мисалы, сиздин сырткы көрүнүшүңүз акыл-эсиңизге өз таасирин тийгизет. Анткени сырттан кандай көрүнгөнүңүз, сизди ичтен кандай ойлордо жана кандай сезимдерде болуп жатканыңызды көрсөтөт десек болот. Мисалы, аскерлер формачан жүргөн учурда өздөрүн аскер экенин жана алардын милдети мекенди коргоо экенин түшүнүп сезишет. Ошондой эле аялдар кандайдыр бир көңүл ачуу кечелерине барганда, аябай жакшы кийингенге аракет кылышат. Себеби ал ошол көйнөктү кийгенде, өзүн канышадай же перидей башкача сезет. Ошондой эле сиздин сырткы көрүнүшүңүз, башкалардын сиз жөнүндө кандай ойдо экендерине түшүнгөнүңүзгө жардам берет. Канчалык теорияда адамдар сенин сырткы көрүнүшүңө эмес, акылдуулугуңа караш керек деген менен иш жүзүндө адамдар эң биринчи, сизди сырткы көрүнүшүңүзгө карап баалап мамиле кылышат. Ошондуктан ар дайым биринчи көрүнүш өтө маанилүү. Мындан 3-4 күн мурда магазинде, ичинде данеги жок кара жүзүм көрүп калдым. Баасы 100 сом экен. Ошол эле жүзүм бираз ары жакта, салмагы тартылган жана аябай жакшы бир баштыкчага салынган абалда сатылып жатыптыр. Бирок анын баасы 150 сом экен. Анан таң калып ошол жерде иштеген сатуучудан:”Тээтиги баасы 100 сом болгон жүзүм менен баасы 150 сом болгон бул жүзумдүн эмне айырмасы бар? Себеби экөөтен бирдей эле көрүнөтко.” деп сурадым. Ал мага күлүп туруп: “Айырмасы баштыкчада, болбосо экөөтен бир эле жүзүм. Бирок жакшы баштыкчага салып сатканда, анын сырткы көрүнүшү жакшы көрүнүп, элдер да көп алышат экен ” деди. Чындыгында адамдын жана ошондой эле ар бир несенин сырткы көрүнүшү кадимкидей сүйлөйт. Чыкыйып сонун кийинген адамдын сырткы көрүнүшү позитивдүү нерселерден кабар берет. Мисалы ал кишинин маанилүү бирөө экенинен же болбосо акылдуу же интелегент болгондугун көрсөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, жүдөп таза эмес кийинип жүргөн адамдын сырткы көрүнүшү негативдүү нерселерден кабар берет. Мисалы өзүнө көңүл бурбаган, проблемасы көп, ийгиликсиз адам экенинен кабар бериши мүмкүн.
12780   208
09.05.2020
Жаратылыш, аалам, дүйнө, жер тынчтыкты эңсейт. Бир гана жаны тынбаган, бузгандан, кыйраткандан, жок кылгандан, бири бирибизди денебизге, жан дүйнөбүзгө залал келтиргенден ырахат алган - адам баласы. Жаратылыш, Жер бизди далай көтөрөт. Ал өтө сабырдуу. Акылына келет деп ойлойт. Кайдан? Эгосу көп, алкымы керней, жан дүйнөсү ачка, көкүрөгү сокур, көзү көр топуракка гана тое алган адам баласы тынчтыкты эмес согушту тандайт. Замбирек менен тытсак да, ок менен жаадырсак да, Жер эне, жаратылыш чыдайт. Тегерегибизди булгап, акыр чикирге айлантып, сындырып, ырахатыбыз үчүн жаныбарларды кырып - жоюп жок кыла баштайбыз тынчтыкта. Ичибизде мынчалык таш боордук, мерез сезимдер кайдан келген? Биз жек көргөн сайын, кыйраткан сайын жаратылыш сүйүү берет. Айласы, амалы кеткенде гана бир силкинет жаратылыш. Эсибизге келе түшөбүз. Кудайлайбыз андайда. Аз убакыт баарын унуттурат. Баягы таз кейпибизге түшөбүз. Сезимибиз, көрөгөчтүгүбүз, өзүбүз менен да жаратылыш менен да гармонияга келе турчу касиетибиз да ойгонот бир күнү! Адам адам экенин эстейт. Дүйнөдө тынчтык, тазалык, адамгерчилик бааланган мезгил келерине үмүттүүмүн. Азр жан дүйнө тынчтыкты, гармонияны, ден соолукту эңсеп, талап кылып турат. Чамгарактабай, туналычы... #жөнэлеойлор