сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5480   203
12.05.2020
Часто натыкалась на посты блогеров про “нумерологию» их отношение к этой теме и что нумерология помогла им в раскрытии себя как индивидуума, или в расстановке каких то приоритетов сильно помогла. У нас в КР тоже очень много нумерологов, людей которые изучают чакры и тому подобное. И кажется наконец-то я нашла профессионала, а не любителя. С Чолпон Абасовной я познакомилась на просторах интернета. Признаться, она расположила меня сразу к себе. Тонкая, чуткая. Мы договорились о встрече, но к сожалению не смогли встретиться ( ЧП, карантин) и решили что встреча пройдёт в онлайн режиме по видеозвонку. Проговорили мы с ней около 2,5 часов. Как мгновенье время пролетело, было жутко интересно, узнавать себя и делать какие то выводы. Нумерология-это не гадание! Хочу сразу предупредить об этом, это подсчёт по вашей дате рождения. В общем, делюсь с потрясающим человеком @numerolog_abasovna у неё даже страница интересная, много чего полезного можно узнать. Сохраняйте, обращайтесь и не теряйте ❤️🙏🏼
Загрузка...
11302   202
21.03.2020
ЖАКШЫ КАБАР Жакшы кабар айтайынбы? Өрүк гүлдөдү. Өрүк гүлү мен үчүн буга чейин чабалекей менен байчечек сыяктуу жаздын жарчысы эле. Роза сыяктуу сүйүүнүн, жапондор даңазалаган сакура сыяктуу татыктуу өмүрдүн символу болчу. Бүгүндөн тартып ал мага жаркын үмүттүн да эн белгисине айланды. Көзгө көрүнбөгөнү менен, дүйнөгө дүң болуп, көңүлдөргө кыжалатчылыктын кара туманын айдап келген аты жаман бир вирустун айынан кабактар бүркөлүп, маанайлар чөгүп турган учурда: “Силерге эмне болду? Вирус дейсиңерби? Ушул кыпындай макулуктун айынан санап бүткүс береке, ырыскы, жакшылыктар көзүңөргө көрүнбөй калдыбы? Карагылачы, асман дале ачык. Кар баскан тоолор сынын бузбай шаңкаят. Заманыбыз бейпил. Чымчыктар чурулдашып бактылуу. Жашоо дале керемет! Баары жакшы! Жакшы гана эмес, эң сонун! Болгону денеңди жана чөйрөңдү таза тут! Дене менен кошо ойду, пикирди, жүрөктү тазала! Таза чөйрөгө вирус, таза жүрөккө шайтан жолой албайт. Шайтан шаштырып, маскаралабаганда тээ илгери адамдар машак терип жеп, бир казан кайнак сууга бир чөйчөк сүт кошуп үй-бүлөсү менен чогуу ичип жан баккан заманда болбогон топуксуздукту көрсөтүп, ун, күрүч, тамак талашып уят болбойт элеңер! Кайгыдан каражат таап туйтунам деген ойдон өткөн коркунучтуу руханий вирус барбы? Пейилди кенен ташта! Жараткандын ырыскысы кең, баарына жетет! Вирус бул – сыноо. Сенин ыйманыңды, адебиңди, ынтымагыңды, нысабыңды текшерүүчү сыноо! Бул сыноодон ийгилик, жеңиш менен өтүү өзүңөрдөн гана! Ийгилик – ишенимден башталат! Ишенимдин булагы таттуу тил, таза жүрөк жана ысык ыклас. Жеңиш болсо жакшы маанайдан, жылмаюудан башат алат! Жылмай! Шаттан! Шүгүр айт! Өз дегенде өнтөлөп жан бергендерден болбой, өзгөлөрдү да ойло! Ынтымак ошентип куралат. Ырыс кенчинин ачкычы – ынтымагыңарда. Буюрса, бул күндөр да бат эле өтөт! Баары эң сонун!” дегенсип бажырая ачылып, адамзатка салам салып турушат. Өрүк гүлдөдү! Жаштыктын, сүйүүнүн, сулуулуктун, бактылуу жашоонун жана жаркын үмүттүн символу ГҮЛ АЧТЫ! НК, 21-март, 2020-жыл #жакшы_кабар #үмүт_гүлү
2509   202
14.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Эжесиникинде бир кун ашыкча конок болуп келгени учун ушинтип жазаланыптыр деп уктум. Бугун болсо куйоосун кечирип, тосмо арыз жазыптыр деп окудум... 🤔🤔🤔 Сиздердей эле капа да болдум, ачуум да келди, ар кандай ой каптады... Бирок, бул бизге билинген бир уй-було болду. Билинбегендер да бир топ болушу мумкун... ................................................................... Ушул окуяга байланыштуу атам менен апамдын бир кунун эстеп кеттим. Айтып берейин. Былтыры куз айлары болуш керек. Ош шаарына барып калдым тойго. Ошол куну апам да айылдан Ошко семинарга келиптир. Туштон кийин Бир тууган эжемдин уйундо коруштук. Акжибек абжем даамдуу тамактарды жасап коноктоп жатат. «Апа, бугун калып эле кетпейсизби. Коптон бери корушо элек болчук го, туну менен суйлошобуз учообуз» деп сурандык. Апам: «Кой, кызым, атан уруксат бербейт» дейт🙊 «Неге уруксат бербейт. Собственная кызыныздын уйундо каласыз го акыры, бизди суранып жатат деп айтыныз да😌» деп кондурдук. Апам да калгысы келгендей: «Анда макул , азыр чалып коройун» деп чалды. Атам: «Келе бербейт белен» десе , Апам: «Кыздарын суранып жатат» дептир. Анан атам макул болду😇😇😇 Суйунуп , аркы-беркини суйлошуп отурабыз. 1 саат отуп-отпой эле апам отура албай эле : «Кой, кыздарым, мен бара берейин. Атан жалгыз калганды жактырбай журот. Откондо жалгыз калсан кызыктай болот экен деген эле. Мен бара берейин кун кеч кире электе» деп эле жоносо болобу😁🙊 «Ой апааа, сиз калп эле атама шылтоолоп коёт турбайсызбы, озунуз эле атамын жанына баргыныз келип, дагы эле суйосуз ээээ жигитинизди» деп каткырып , тийишип , узатып койдук 😅😅😅 Эстесем кичинебизден эле атам жумуштан же коноктон келгенде «Апанар кайда?» деп издеп турат экен. Кобунчо жанында , уйдо болушун каалайт окшойт. Азыр эжелеримден, синдилеримден да байкап калам. «Жезден 5-6 кун журуп келе бер деди» деп кудундап суйунуп келип калышат уйго... Негизи менталитетибизде аялы куйоосунун ою менен эсептешип турганды жактырышат. Бирок, ошол эле учурда биринчи ЭРКЕК ошондой мамилеге озу татыктуу болуш керек! Кунумдук турмуш жолунда Аялдын ан-сезиминде ошондой сыйлуу орунга арзыш керек деп ойлойм! Аялынын астында кадыр-баркын , сый-урматын жоготпош керек!
4508   202   33610
03.06.2020
Ассаламу алайкум Кыргыз элим 🇰🇬 Бийлик өкүлдөрүнө кайрылам! Качан ойгонобуз? Силерден чек ара маселесин чечип берүүнү өтүнөт элем. Баткен бул тек кана Баткендиктердики эмес жалпы Кыргызстандыкы. Эмнеге намыстанбайсынар бийлик өкүлдөрү? Бул дүйнөдөн баарыбыз өтөбүз бул убактылуу жашоодо кийинки муунга журт калтырып кетели. Байлык , бийликти наркы дүйнөгө алып кете албайбыз. Андан көрө элибизге жакшы нерсе калтырып кетели. Жакшы сооп иштерди калтырып , элибизге кызмат кылып кетели. Мейли бул дүйнөдө жыргап өмүр сүрөлү бирок кыйматта Алланын азабанан кантебиз? Ал жакта коррупция деген жок!!! Чек ара маселесин чечүүдө эч коркпогула армиябыз аз болсо да бирок билегинде күчү бар, жүрөгүндө оту бар кок жал жигиттерибиз бар! Биз өлүмгө чейин туруп беребиз жерибиз үчүн. Намыстаналы урматтуу бийлик өкүлдөрү!!! Ойгонолу!!!