сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
10799   205
15.03.2020
Муну билгенден кийин сууну көп иче баштайсыз! Суунун адам үчүн пайдасы: 1. Иммунитет системасындагы негизги жилик майынын түрдүү ооруларга каршылыгын күчөтөт. 2. Суу – азык заттар, витамин жана минералдардын негизги эриткичи. Организм суу аркылуу магний, фтор, темир, йод, кальций сыяктуу минералдарды алат. 3. Суу тамак-аштын курамындагы керектүү элементтерди организмге сиңирүүсүнө жардам берет. 4. Эритроциттин жакшы иштөөсүн камсыз кылат. 5. Клеткаларды кычкылтек менен камсыз кылып, калган газдарды өпкөгө ташыйт. 6. Муундардын байланышкан жерлерин майлоочу зат болуп саналат. 7. Омуртка дискаларына да пайдасы мол. 8. Ичеги-карындын жумушун жакшыртат. 9. Дене температурасын бердей кармайт. 10. Суу – мээнин функциялары үчүн күч жана энергия булагы. 11. Жүрөк жана шал (параллич) оорусунан сактайт. 12. Мээден бөлүнгөн гормондордун жасалуусу үчүн керек. 13. Суу адамдын маанайын ачат. 14. Эч кандай жаман таасири жок. 15. Стресс менен депрессияны басат. 17. Уйкуну жөнгө салып, чарчаганды кетирип, терини жумшартат. 18. Көзгө жалын берип, организмдеги канды иреттейт. 19. Инфекция менен рак оорусуна каршы иммунитетти бекемдейт. 20. Канды суюлтуп, кан айланган кезде коюлануусун алдын алат. 21. Этек кирден мурда келген оору менен денедеги температураны басат. 22. Канды суюлтуп, катуу заттардын чөгүшүнө тоскоолдук жасайт. Кандын 90 пайызы, булчуң эттердин 75 пайызы, мээнин 85 пайызы, сөөктөрдүн 28 пайызы суудан турат. Бардык химиялык реакциялар суунун катышуусу менен ишке ашат. Керектүү өлчөмдө суу ичпегенде: 1. Мээнин жумуш иштөөсү жайлайт. 2. Кан коюланат. 3. Жүрөк көп иштөөгө мажбур болот. 4. Заара сары түстө болот. 5. Ичтин катышына (запор) себеп болот. Суу жетишпегенде: 1. Баш ооруйт. 2. Баш айланат. 3. Чарчоо, алсыздык пайда болот. 4. Ойлонуу кыйындайт. 5. Табит качат. #булакинтернет #пайдалуукенеш
5810   204
02.04.2020
Далай аял затынын нукура сырткы жүзү чыга баштайт жакында. Кирпиксиз, боексуз, тырмаксыз. Өзүңөрдү нукура келбет мн кабыл алуу, жасалма эмес абалыңызды сүйүү мүмкүнчүлүгү келди. Өзүнүн нукура сулуулугун кабыл алгысы келбегендер, өзүнө төмөн баа бергендер укмуш шыбанат, боенот, сулууланат, бетин боек мн өзгөртүүгө, башка кыз болууга аракет жасайт. " Өздүк жүзүм эч кимге жакпайт, мени кабыл албай коет, шылдыңдашат" деп коркот кыздар. Өзүн сүйгөн адам өзгөлөрдүн баасына муктаж эмес. Өзүн баалаган адам башкаларга жагам же жакпайм деп коркпойт. Өзүнө ишенимдүү адам жигитим, сүйгөнүм, жолдошум таштап кетет деп коркпойт жана жакын адамынын үстүндө титиребейт. Өзүнө ишенген, өзүн сүйгөн адамдан ошондой энергия чыгат. Өзүн сыйлабасты, өзгөлөр да сыйлабаарын унутпаңыз. Жаныбарлар сындуу эле инстинкттер сүйлөйт, энергияны сезет, рухуңдан маалымат алынат. Өзүн сүйүүгө өзүн жакшы алып жүрүү, жасануу, сулуулануу да кирет, бирок ал чекти билет жана кааласа боегу жок да жүрө алат. #жөнэлеойлор
Загрузка...
21160   204   35398
15.06.2020
Урматтуу достор, сиздерге жанылык❗️Эн пайдалуу, жогорку сапаттагы балык майын алып ден соолугунузду чынданыз! Омега майы томонку ооруларга дааба: ✔️Чачтын жана тырмактын морт болушу ✔️Холестериндин жогорку деңгээли ✔️Тери көйгөйлөру ✔️Жүрөк жана кантамырдардын иштешине жакшы комоктошот ✔️Витаминдердин жетишсиздиги ✔️Гормоналдык баланстын бузулушу ✔️Ашыкча салмак менен көйгөйлөр ✔️Муундар ооруусу, остеоартрит ✔️Аритмия, атеросклероз ✔️Иммунитеттин начарлашы ✔️Депрессия, невроз, маанай начар ✔️Репродуктивдик система менен көйгөйлөр ✔️Суук тийгенде ✔️Көз көрүүнүн начарлашы ✔️Чарчоолук ✔️Эстин начарлашы ✔️Ичеги-карын жолу менен көйгөйлөр ✔️Шлактар жана токсиндер ✔️Онкологиянын пайда болушунун коркунучу ✔️Кошбойлуулукка даярдануу жана кошбойлуулуктун баардык стадиялары ✔️Артериалдык басым менен көйгөйлөр жана башка коптогон оорууларга шыпаасы бар. 💯Халал 💯 Табигый 💯 Тастыкталган 💯 Жогорку сапат Толук маалымат учун @alhadaya_omega3.kg баракчасына кайрылсаныз болот 👍 📞0777111880 📞0704385286
4605   204
02.12.2019
Эркектердин күчүн талап кылган оор жумушту жасагым келбейт. Оор көтөрүү, чоң жүк унааларын айдоо, дөңгөлөгүн алмаштыруу, механизм, техникада мээни иштетүү, үй салуу, мык кагуу ж.б.толгон токой жумуш. Аларга оордугумду салып, башымды жөлөп, таянгым келет. Мен адардын мага болгон камкордугун каалайм! 8 - мартта кымбат белек күтүп, 23 - февралда байпак менен кутулгум келет! Дайыны жок таарынып, мээсин жеп, жеп бүткөндөн кийин, эчтеке болбогондой ырсайгым келет! Тең укуктуулук - алар жасаганды жасоо болуп эсептелинет да ээ? Алардын мага сыйы, сүйүүсү эле жетиштүү. Чоң күчтүн алдында алсыз, эрке болгонго, эркелегенге не жетсин? Феминисттик балким эркектерден эң көп көңүл калып, кечирилгис көкүрөгүндө таарыныч ташы катып калганда чыкса керек ээ? Мен деле феминист болуп кете жаздагам. Илгери силерге таарынып жүргөндө. Кыргызстанда эркин эле жашайт экенмин ой жүгүртсөм. Каалаганымды жазам. Каалаган окуу жайда окуй алам. Каалаган жумушта иштейм. Каалагандай кийинем. Жада калса суунун жээгинде сүрөткө түшөм. Күнү - түнү кааласам, көчөдө жүрө алам. Каалаган динимди тута алам. Каалаган тилде сүйлөп, каалаган адам мн мамиле куруп, каалаганга баш кошо алам. Мени эч ким чектеген эмес. Таш бараңга алган жок. Коркуткан жок. Тарбиясыздары бар. Ал башка кеп. Билим деңгээлине жараша мамиле бар. Мыйзамда менин укугум каралган. Чурайымды көргөзүп, ычкыры жок басат элем деп чалкаман кетсем, ырысымды тепкен ырыскесер, акылы жок айнып калган неме деген баа бермекмин өзүмө. Акыл парасатка, абийирге жараша каалагандай эле кийинип жүрөбүз го. Тек гана суранганым, мырзалардын аялдарга болгон сылык, сый мамилеси. Аял деп аяп турсаңар эле агы менен айланабыз каректин! Мени сүйгүлө, эркелеткиле, аягыла! Мен аялмын анткени! #жөнэлеойлор