сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
4884  
10.10.2019
«Апельсиновыйбы же клубничныйбы?» деген суроону стоматологиядан угам деп ойлободум эле 😀 @dr_kurs ошентип сурайт барсам, «ал эмне?» десем, корсо лечение алдында сайыла турган укол оорутпаш учун, биринчи этине(деснага) ошондой даамдуу мазь сыйпап коет экен. Анан укол билинбей калат экен, тообо, кандай сонун заманга туш келдик ээ достор☺️🤭 ______________________________________________________ Анча-мынча ото баамчылдар мен катуу кулгондо оо тор жактагы алтын капталган азуларды коруп калып: «алмаштырып албайсызбы, акчаныз коп го» деп жазып журушту эле. @dr_kurs айтсам «без проблем» деп туруп , оззззумун тишимдей кылып жасап , салып берип койду тез эле. Эми болсо кайсысы озумун тишим эле деп адашып кетип атам 😅😝 Тишиниздерде «иливввой» проблема болсо туп-туз эле @dr_kurs @dr_kurs бара бериниздер. Менден окуп анан келдим десениздер 15% скидка менен жасап берет. Андыктан советуюууу 🦷 🦷 🦷 @dr_kurs _______________________________________ Ал эми экинчи сурот жонундо кийинкиде айтып берейин ээ🙈🤗🙈
1730  
06.08.2019
Декабрь 2018 Ой-Ордого чакырылып, инвесторлор тууралуу сөз башталганда ой-пикиримди кыскача белгиледим эле. 8 ай өттү, азыркы убакытка чейин жүздөгөн (миңдеген?) компанияларга берилген лицензияларды кайра карап чыгып, жергиликтүү эл менен бир сыйра макулдашып алсак болмок. Эки ай мурда Чаткалга коллегам менен барганда, 28000 калкы бар кичинекей райондо кенди иштетүүгө 150 (!) лицензия берилип, аркасында айыл өкмөттөн баштап, Жогорку Кеңеш, Ак үйдөгүлөр, кримчөйрөнүн өкүлдөрүнө чейин башкарып отурганын эл ачык эле айтып берди. Ал сапарыбыз боюнча фейсбукка пост илип, парламенттин жыйынынан да айтып чыкканмын. Бүгүн нарындык Солтон-Сарыдагы окуяларды угуп, зейним кейиди - региондордогу өнүгүү максатында ачылган компаниялардын болочок пландарын, кыска/узун мөөнөттөгү кадамдарын жергиликтүү элге башынан тааныштырып, ачыкталса болмок. Лицензияларды көзөмөлдөгөн жетекчинин наамындагы банк ячейкасында декларацияланбаган 900000 $ бекер табылган эмес да- кең байлыктарыбызды коррупцияга батырган 28 жылдык адат токтой элек. Кытай инвесторлоруна "все будет ок, кайгырбагыла" деген жетекчилер азыр кайда? Өкмөтүбүз бул маселенин түпкү тамырынан бери оңторуп, кылдаттык менен карап чыкмайын, ызы-чууну басып жүргөн өрт өчүргүчтөрдөй - "пожарник" болуп жүрө беришет. Элдин ачуусун түшүнөмүн, туугандар. Бара тургандай жолу деле алыс эмес, бирок алдын ала айтыла турган күмөндөр бар. Бул Кытай ишканасын ачтыртканда, лицензия берип, кандай келишимдерге кимдер кол койду экен? Бекеринен алар кетпейбиз деп өжөрлөнгөн жок да. Аны расмий кагаз жүзүндө тактап, элге маалыматты кеңири таратуу парзбыз. Эртеңки күнү, эл аралык соттон арыз жазышып, келишимге макулдук берген Кыргызстан аткарбай койду деп миллиондогон долларга доо коюп мамлекетибизди жыксачы? 2021-23 жылы кайрып бере турган Тышкы карыздын санына ТЭЦтин жарым миллиард карыз кредиттин үстүнө түшкөн, желкебиздеги дагы бир жүккө айланып кетээрине капаланган жерим. Туура түшүнгүлө, болгонду болгондой, жагынам дебей, элге маалыматты ачык айтып көнүп баштасак - эртеңки өнүгүүнүн жолун ачаарбыз.. #СолтонСары #БарБолгула