сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
563     5823
09.11.2019
Ары жак менен бери жак... **** Өткөндө Гүлчөдөгү арканы ачуудагы кызыл лентаны кесүү жөнүндө тамаша кеп жазсам депутат байкем жазат мага, сен кыйын болсоң Жумгалга барып арка салбайсыңбы деп. Унчукпадым. Жакында Жалал-Абаддагы арканы оңдоп-түздөөгө 8 миллион кетти деп жаңылык чыкты. Унчукпадым. Ичимен эле бир ойлоп койдум минтип. ***** Жалал-Абаддагы арканы салганга 14 миллион сом кетиптир. Жакында ремонтко 8 миллион. Гүлчөдөгү арканы салганга 9 миллион кетиптир. Бери жагы эле 30 миллион сом эки эле арка үчүн кетти. Ошол аркаларды салып куру намыс, көөдөндөн башка эмне таптык? Турат жаркырап арка бери жакта, ал эми ары жакта кыйналган үй-бүлө, алыста темселеп жүргөн мигрант туугандар, тыңыраак билим алалбай, базарда тачке сүйрөп жүргөн инилер, балдар, бөбөктөр, даваат деп айлап, жылдап кудайдын анан жалгыз эненин кароосуна ташталып калган үй-бүлөлөр, тамтыгы чыккан жолдор, таза суусу жок арыкта эмне гана акпаган кир сууларды ичкен айылдар, ооруп, ооруканага жетпей сыздап жаткан жандар, арык, канал, ирригациялар бузулуп, суу жетпей соолуп калган гектар жерлер...жана башка көптөгөн чечилбей келген маселелер. Бирок бул маселелер ары жакта, бери жакта жаркыраган арка.. ***** А биз жүрөбүз жакшы эле, крутойбуз, аркаларды салып жатабыз кычыратып. Кооз. Эл айтып жатат баягы баланчанын баласы салдырды, депутат, эмки мөөнөткө дагы коём деп жатат дешип. Баталарын берип жатышат. Карачы арка сонун болуп калбадыбы тим эле. Кирип чыкканда башка айылдарга уят болбой, жаркырап.. А көрө албагандар сүйлөй берет былжырап, кыйын болсо Жумгалга салып алсынчы өзү ушундай арка - дешет бери жакта. ***** Жүрөбүз анан ушинтип ары жак менен бери жакта.
97  
19.11.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Спорт ордосуна келип, концерт коргончо, Азат мырзанын сообуна калып кетиниз! Бири-бирибизге болгон жардамыбыз ушул болсун! Ден соолугугузга кам корунуз! Урматтуу кайрымдуу кыргыз элим 🙏🏻😥жалгыз эненин жалгыз уулу оор акыбалда турат,эки бойрогу кургап,тез арада алмаштыруу керек болуп жатат.Кайрымдуу кыргыз элимден жардам сурайт, дартына дабаа болуп колунуздан келген акчалай жардам беруунуздорду суранабыз *Элсом 0706666082* *#21-#Ноябрь* *Спорт ордосу 18:30 Билет баасы 300сом* *Эгембердиев Азат Эгембердиевичке Кайрымдуу бол калкым аттуу кайрымдуулук концертке чакырабыз*. Байланыш номер 0702271222. #Аягына #чейин #коруп #коюнуздар #Лайк #комментарий #калтырууну #унутпаныздар #коп #коруучу #болуу #учун. Ар бир коруп жаткандар 50сом 100сом болсо да Элсом #0706666082номерине которсонуздар ото чон жардам болмок. #спортордосу #дворецспорта #благотворительность #благотворительныйконцерт #будьтездоровы #концерт #умутайабдышова
Загрузка...