880 135
24.04.2020
Жрать Хочу
Это как посмотреть....
*****
Эки күн мурун Саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирус менен ооруган бир адамды дарылоого орто эсеп менен 3000$ кетет деп жарыялады эле. Бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги жок, 3000$ эмес, орто эсеп менен 100$-дан 1500$-га чейин эле кетет дептир.
******
Эй, министрлик кызык экен! Тиги орун басары мырза тупатуура эле айткан! Бир адамды дарылоонун баасы антип ченелбейт. Ал башкача болот. Ооруп жаткан адамды жакшыыыылап туруп караш керек-кийген кийимин, сүйлөгөн сөзүн, айдаган машинесин, иштеген ишин, чөнтөгүнүн калыңдыгын. Анан аягында врач өзүнүн уятына таянып, настренасына көңүл буруп, курсагын тыңшап, айлыгынан кабар алып, аялынын, балдарынын настреналарын ойлонуп туруп анан баага көңүл таштайт. Анан баа туда-сюда өзгөрө берет кой десе болбой.