сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3359   58   45645
30.04.2020
Сапаттуу билим жана татыктуу тарбия ээси болууну самагандар үчүн!!! Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Сапат” мекемесинин бир тармагы болгон Х.Карасаев атындагы лицей 28 жылдан бери билим берүү иш-аракетин жүргүзүп келет. Бул лицейдин бүтүрүүчүлөрү – эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, ЖРТ алтын сертификат ээлери, дүйнөнүн топ-100 университеттеринин студенттери жана ар түрдүү чөйрөдө ийгилик жараткан адамдар. Так ушул маалда лицей 7-класска, ошондой эле башталгыч мектептин 0-6 класстарына жаңы окуучуларды кабыл алууда. @h.karasaev_sapat баракчасына баш багып, керектүү маалыматты алыңыздар жана профилдеги шилтеме боюнча онлайн-каттоодон өтүп, лицейге тапшырыңыздар! Для всех, кто стремится получить качественное образование и достойное воспитание!!! В городе Каракол Ысык-Кульской области вот уже 28 лет ведет образовательную деятельность лицей имени Х.Карасаева, который является одним из учреждений «Сапат». Выпускники этого лицея – призёры междунардных олимпиад, обладатели золотых сертификатов ОРТ, студенты топ-100 вузов мира и успешные люди в разных сферах деятельности. Как раз сейчас лицей набирает новых учеников в 7 класс, а также в начальную школу – 0-6 классы. Загляните на страницу @h.karasaev_sapat, у них в профиле ссылка на онлайн-регистрацию!
Загрузка...
5298   58
27.11.2019 Kyrgyzstan
Жүзүмө түкүрбө! _ Ойлоп көрсөк, төөдөн башка эч бир айбан деле түкүрбөйт экен. А биздин, адамдардын арасында, көчөдө баратып туш келген жерге “Каак тфу” деп жаба түкүрбөгөндөр аз эле го... _ *** _ Адамдан айланалы, ал - өлкөбүздүн эң чоң дөөлөтү, байлыгы, ырыскысы... Бирок, көчөдө баскандар, сейилдегендер канчалык көп болсо жолдордо ТАШТАНДЫЛАР, ЧЫЛЫМДАР, ТҮКҮРҮКТӨР да ошончолук көбөйөөрүн ким тана алат? Өзгөчө, бизде Кыргызстанда, эл топтолгон майрамдык оюн-зооктордон же митингдерден кийин ал жерде калган таштандыларды тазалоо иши канча күндөргө чейин уланат. А жапондор жетелеп бараткан ити чоң заара кылып салса (итке баары бир эмеспи), ошону да калтырбай, тазалап, пакетке сала кетишет. Биздин болсо итибиз тургай өзүбүз да чөйрөнү булгаганга ант бергендей, касам ичкендей түкүрөбүз, таштандыларды туш келди ыргытабыз, коомдук жайларды семичке чагабыз ... _ *** _ Эч ким жеке менчик үйүнүн ичине, шыбына, дубалына түкүрбөйт жана түккүрттүрбөйт. Анткени, ал - ӨЗҮНҮКҮ. Анда, биз түкүргөн, таштанды ыргыткан көчөлөр кимдики? БӨТӨН БИРӨӨНҮКҮБҮ? Индияныкыбы? Түркия, Жапония, Кытай же Польшаныкыбы? Ал да өзүбүздүкү! Ким, эгерде, Лейлектин Кулундусунда же Ысык-Көлдүн Ак-Суусунда көчөгө түкүрсө же чылымын ыргытса, ал Нарындын Ат-Башысындагы, Таластын Кара-Буурасындагы, Оштун Ноокатындагы ж. б. ар бир атуулдун акысына кирип, ар намысын тебелейт. Анткени, Кыргызстандын ар бир чымчым топурагы, ар бир миллиметр жери – биздин ар бирибиздики: сеники жана меники! _ *** _ Түкүрүү деген илдетти дарылайлы. Анын дарысы – “ТҮКҮРБӨҢҮЗ, ага, иним, эже, карындашым, ата, апа” деп жакшы сөз менен бетке айтуу, сылык-сыпаа эскертүү. Көз ачкандан көрүп чоңойгонубуздан улам биз коомдук жайларда түкүргөндөрдү, семичке чаккандарды, чылымдын калдыгын, желим бөтөлкөнү, момпосуйдун кабыгын же пакетти ыргыткандарды өөн көрбөйбүз. Бирок, чет элден келгендер буга таң калып да, жийиркенип да, кыргыздан ирээнжип да жатканы – ачуу чындык. Башкаларды кыргыздан ирээнжитүү – бул кыргыздын аброюна, кадырына, намысына түкүрүү! Ата-бабалардын арбагын таарынтуу! Демек өз жүзүбүзгө өзүбүздүн түкүргөнүбүз. Мекенибиз – жүзүбүз. ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, МЕКЕНДЕШИМ! Башкалардын алдында кыргызды кемсинтпе, уят кылба. ⏩⏩⏩