сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3318   58
27.05.2020
БИЗ АЗЫР Ар дайым ар кимден кеңеш алууну жакшы көрөм. Кеңешүүнү адатым деп билем. Тилекке каршы азыр адамдардан акыл сурасаң бир заматта сени билимсизге чыгарып койот экен. "Идрис эмнени билет эле? Ар дайым менден акыл сурайт" - дегенин уктум, бирок таң калбадым. Чындыгында да билгенимден биле элегим толтура. Бирок, билгеним аздык кылып, дагы да көп билейин, же дагы да көп маалымат тактап алайын - деп кайрыла берет элем... Аллахка жагынуу үчүн илим алган адамдар, азыр коомго таанылуу үчүн илим алып жаткандайбыз... Ошончолук илимдин даражасына чыксак да, Жараткандын буйругуна моюн суна элекпиз... БИЗ АЗЫР: ИЛИМДИ АЙТУУДА АЛДЫДА БОЛГОНУБУЗ МЕНЕН, ИЛИМДИ ЖАШАП КӨРСӨТҮҮДӨ ЭҢ АКЫРКЫ ОРУНГА БАРАТАБЫЗ!!! БИР НЕРСЕ БИЛБЕГЕНДИН ДА БУЛ ӨМҮРДӨ ӨЗГӨЧӨ ОРДУ БАР ЭКЕНИН УНУТПАСАК. ТАМГА ТААНЫБАСА ДА ТАТЫНАКАЙ ЖАШАП ЖАТКАН ЖАКШЫ АДАМДАРДАН ӨРНӨК АЛСА БОЛОТ. ИНТЕЛЛИГЕНТТЕРДИН иш жүзүндө бириге албаганына ичим өрттөнөт. Жамандар тил табышып, алкаш менен алкаш достошуп кеткени качан. Жакшылар жанаша басканды унутуп жатат!!!... АТАЛАР СӨЗҮ - АКЫЛДЫН КӨЗҮ. -Өткөн өмүр, кеткен көңүл табылбайт. -Күйүк жарасы айыгат, күйүт жарасы айыкпайт. -Өзүңдү зорсунба, өзгөнү корсунба. -Отуз жыл ийилип өскөн тал бир жылда түзөлбөйт. -Көлөкөнү түздөп убара болбо, талдын өзү ийри болгон соң... Идрис акын (фото архив)
Загрузка...
1251   58
18.02.2020
Кээде ушинтип озунчо жатып ойго батып кетем. Эмнеге адамдар озунун пайдасы учун мамиле курушат деп... Эмнеге статусуна карап, эмнеге бироолордун айткан ушагына ишенип мамилесин озгортуп калат? Ыя? Мен эч качан бироо менен суйлошмоюн миллион жамандасын ишенбейм. Анткени ар бир адамдын дуйно таанымы, коз карашы, кооздук сезими, жактыруусу ( вкус) ж.б ар башка болот. Эмнеге бироонун ой-жугуртуусу менен макул болуш керек? Анализди ар бир адам озу кылыш керек деп ойлойм. Туура, кээде ( редкое попадание) дал келуу болот бирок, ото чанда гана ☝🏻 Ошондо да текшеруун абзел. Акыркы кундору копчулугу мага « иии сен такыр башкача инсан экенсин, сени башкача укчубуз»- дешчу болду. Ушундан улам бугунку ой-толгоо келди. Кээде кээ бироолордун калп мактоолору, калп саламдашуусу, калп мамилелери журогумду оорутат. 🥴😢 Суранам, бир калыпта жургонго аракет жасайлы🙏 Эмне гана болбосун, асманга тообуз жетип жатса да ОЗГОРБОЙЛУ.👈 Жараткан берип да сынайт, алып да сынайт! Туболуктуу озубузду сезбейли! 🙏 Пендени нааразы кылуу- Аллахты нааразы кылуудай эле. Акыретте пенде кечирмейин, сурак башталуусу оор деп уктум. Демек, ойлонолу...