1504 57
23.02.2020
❤️💚 Ар бир кыз/балабыздын аркасында мекенибизди коргоого ар дайым даяр болгондор бар болсун! #БиздинМамлекет
#Патриоттордунсаныкемибесин "- Ата, сиз аскерге барганда, союз убагында «дедовщина» деген бар беле? - Ооба. Жаңы келгендерди эскилер ошентип "тарбиялашчу". Мен аскерге Владивостокко чакырылып калганмын. Жаш болсо да, эркектин мүнөзү ошол жерден билинет. Аркаңда эч ким жок болсо, өзүңө өзүң кана ишенип каласың - тарбиялоо боюнча аскердин күчү зор. Бир жолу тайлар менен мушташып жатып, алар жеңил кутулуп, жалгыз мени күнөөлөп, 1 суткага жабылып калдым. Ичим ачышкандыктан, чыккан күнү эле өчүмдү алам деп, бирөөсүн эртең мененки тизилүүдө сабап, кайрадан 3 суткага жабылып калдым. Анда да токтобой, аягында "бул көк бет кыргызды жөн эле койгула" деп, тийишпей калышкан. Кыргыздардан жалгыз болуп, 1 казак, 2 чечен жигиттер менен бирге достошуп алып, кийинчирээк мусулмандар биригип калдык…» (ФБ 2015). P.S. Союзду сагынып, аябай мактагандарды укканда, атамдын айылдан келип, баштан өткөн аңгемелерин эске салып каламын...
Маркум атам Жыргалбек Сурабалдиевдин аскердеги сүрөтү.