3201 57
14.06.2020
Ушундай заман😔😔😔 Эптеп динди жаман көрсөтүү үчүн эс акылдын баарын колдонгон коом менен жашап жатабыз... Динин түшүнбөгөн адамдарды коомго алып чыгып "мына сага дин" - деп жаман көрсөтүү менен таанылуу үчүн тайманбаган баатырлар көп... Ушак менен акча тапкан ушундай коомго туш келдик... Ааламдагы апаат динсиздиктен келип чыкканына башыбыз жетпейт... Ушундай заманда жашап жатабыз. Эгерде ташка: "адам бол", деп айтылса, таш: "кечирим сурайм! Менин жүрөгүм адамдардын жүрөгүндөй катуу эмес" - деп айта турганчалык болуп баратат... Мечит жабылбоосу үчүн момундар эрежени так аткаралы. Биз бизге түшкөнүн кылалы, калганын Кудайга салабыз!