сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
13683   30
16.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Урматтуу мусулман бир туугандар! Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдүшүкүр Нарматов устаз менен Москванын азирети муфтиси Ильдар Аляутдинов хазраттын түз эфир аркылуу сабагы болот. Сабактын боло турган күнү: 17.05.2020. Бишкек убактысы менен 18:00. Эфир Абдишүкүр устаздын “Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет” деген темадагы сабагы менен башталат. Хазрат Ильдар Аляутдинов менен Абдишүкүр Устаздын түз эфири Бишкек убактысы менен саат: 19:00 башталат. @nasaat.kg баракчасынан көрө аласыздар. Жарыяны бөлүшүп, соопко шериктеш болуӊуздар! Уважаемые братья !!! Ректор Исламского Университета Кыргызстана шейх Абдишукур Нарматов и муфтий Москвы Ильдар Аляутдинов проведут урок в прямом эфире. Время урока: 17.05.2020 по Бишкекскому в 18:00. Эфир начнётся с темы Абдишукура Нарматова «Воистину, за каждой тягостью наступает облегчение» Прямая трансляция Хазрата Ильдара Аляутдинова и Абдишукура Устаза начнется по Бишкекскому в 19:00. Просьба поделиться информацией, и получить награду Всевышнего!!! @nasaat.kg #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов атов #москва #прямойэфир #россия #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #nasaatkg @nasaat.kg @alyautdinovildar
649   30
22.03.2020
💐- Урматтуу Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу? - Кайсынысын жасасаң деле - баары бир өкүнөсүң, - дептир акылман. ⠀ 💐Дагы бири дал ушундай суроо берсе, Сократ дептир: " Эч нерсеге карабай үйлөн. Аялың жакшы чыкса бактылуу болосуң, жаман чыгып калса ойчул болосуң." ⠀ Сократ күйгөндөн айтыптыр: " Адамдарды терең тааныган сайын, итимди кадырлай баштадым" ⠀ 💐Нью-Йоркто коюлган пьесасынын премьерасынан соң Бернард Шоу башкы ролду ойногон актрисага төмөндөгүдөй телеграмма жөнөтөт: «Эмне деген ажайып?! Эмне деген керемет?!» Толкунданган актриса жооп кайтарыптыр: «Ашкере мактап койдуңуз». Бернард Шоу кайрадан телеграмма жиберет: «Мен пьесаны айтып жатам». Анда, актрисанын жооп телеграммасы: «Мен дагы». ⠀ 💐Марк Твенге бир тааныш келин арызданыптыр: - Түшүнсөм өлөйүн: күйөөм кээде - эркектей, кээде - катындай. - Бул - тукум куучулук, - дейт Марк Твен. - Күйөөңдүн эзелтен келаткан тукумдарынын теңи - эркек, теңи - катын экенин унутпай жүр. ⠀ 💐Бернард Шоуго бир бейтааныш жигит кайрылыптыр: - Атактуу юморист жазуучунун дал өзү турбайсызбы! Сиздин атаңыздын тикмечи болгону чынбы? - Чын, - дейт Шоу. - Анда, сиз эмне үчүн тикмечи болбой калдыңыз? - Аны айтыш кыйын... Тукум куубаган учурлар деле болот тура. Мына, сиздин атаңыз сыпайы мырза болушу керек. - Албетте. - Бирок, сиз деле атаңызды тартпай калыптырсыз да. ⠀ 💐- Сиз канча акча тапсам деп кыялданасыз? - деп сурашат бир жолу, Бернард Шоудон. - Коңшуларым ойлогондой. ⠀ 💐Италиянын улуу композитору Россини отузга чыкканда Милан шаарынын шаардык кеңеши ага эстелик тургузууну чечет. - Ал эстеликке канча каражат кетет? - деп сурайт композитор. - Үч жүз миң лир. - Үч жүз миң лир?! - деп шыпшынат Россини. - Анда мындай кылбайлыбы: бул акчаны мага эле бергиле, мен Миландагы ошол эстеликтин ордуна күн сайын эки-үч сааттан туруп берип жүрөйүн. ⠀ 💐Улуу композитор Шарль Гуно көкүрөгүн урган бир жаш музыкантка акыл айтыптыр дешет: - Өнөрдүн өрүн улам өрдөгөн сайын эски мастерлерди баалай баштайсың. Мен сендей кезимде «Мен элемин!» дечүмүн. Жыйырма төрткө чыкканда: «Мен жана Моцарт» деп калдым. Кыркка келгенде: «Моцарт жана мен» дей баштадым. А азыр болсо: «Моцарт» дегенден башканы айтпайм.