22069 655
03.01.2020
Кудай сакта! Тан калып бутпойм...
Башым аман болсун, апам айтмакчы.
Азыр узун сапарга, кыздарым менен эс алууга жолго чыгып жатсам, тынччылыкпы? жакшыбы? -деп жазып башташты. Көрсө, ютубтан "Анжелика АВАРИЯ БОЛДУ” деген видео чыгыптыр, көрүп таң калдым. Мындан үч жыл мурун Боомдон каза болуптур, кыздары эмне болот деп жазышканы дагы эсимде. Түз эфирден, радиодон жаңылыктар түрмөгүнө чейин жетип😟. Жардамчыларым түндө чалып, бир сыйра үнүм угуп ыйлашкан.
Демек, өмүрүм узун болот. Бирөөнүн жамандыгын тилегенче-өзүңө өмүр тиле !!!
Эс алууга кеттик! Баары жакшы! Дуа кылып коюнуздар.