сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3392   441
02.01.2020
@radio_maral 2020-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстанда үлпөт тою жана башка салтанаттарды өткөрүүгө чектөө койгон мыйзам күчүнө кирди. Аталган документ 2019-жылдын сентябрь айында кабыл алынган болчу. Токтомго ылайык, мындан ары үй-бүлөлүк аземдер 1 күн ичинде (саат 06:00дөн 23:00гө чейин) гана өткөрүлмөкчү (коштошуу зыйнатын кошпогондо). Үлпөт тойду өткөрүү үчүн 1 жума мурда жергиликтүү бийликти кабардар кылуу зарыл. Андан сырткары, коштошуу зыйнатындагы (жети күндүк, бейшембилик, кыркы, ак кийди, жылдык) жана үлпөт тойдогу (ата көрдү, сеп жыйды, куда тосмой, келин көрмөй сыяктуу) кошумча иш-чараларга тыюу салынды. Мыйзам боюнча, той 23:00 чейин аякташы керек. Жана ага эң көп 200дөй адам катышса болот. Тойдогу кортежге 3 гана унаа чыга алат. Талаптардын аткарылышы депутаттар, жергиликтүү кеңеш жана ИИМ кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат. ____ Сиздин оюнуз кандай? Бизде да ушул мыйзам иштээр беле?
Загрузка...
33304   122
02.01.2020 Medina, Saudi Arabia
Тамеки жана Замзам Адыл байке мындан отуз жыл мурун тамекинин жытын алгач искеген. Ошондон бээри отуз жыл бою калтырбай чегип келет. Улам берилип отуруп, акыркы жылдары күнүнө 3 куту чылым чегип калган. Учурда Адыл байке Абдишүкүр устаз менен умра амалын аткарганы келип Мадина шаарында журөт. Устаздын таасирдүү сөздөрүнөн кийин тамекисин таштап, анын кумарын Замзам суусуна алмаштырды. Эми бирөө тамеки тартса, байкенин көнүлү айнып жанында тура албай калыптыр. Берекелүү жердеги таасирдүү сөздөр, Замзам суусунун касиети окмуштуулардын "он жылдан ашуун тамеки тарткан адам аны таштай албайт" деген эрежесин бузуп, Аллах кааласа туура жолго салып койорун дагы бир жолу далилдеди. Адыл байкенин мындан аркы жашоосу тутунсуз таза болуусун Аллахтан тилеп дуба кылабыз.🤲🏻Тамеки, арак сыяктуу жаман адаттарын таштай албай жүргөндөргө терен өрнөк болсун. Устаз Абдишүкүр Нарматов @nasaat.kg #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов #атаэне #jumamubarak #juma #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #токтогул #чаткал #атбашы #чолпоната #алай #суусамыр #kyrgyzstan #nasaatkg @nasaat.kg