сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7278   249
02.01.2020
Идеалдуу деген түшүнүктүн өзү жашабаса керек. Бүтүн дүйнөгө төрт тарабы төп келип турса да, менин дүйнөмө төп келерин кайдан билем? Менин дүйнөмө сыйган башкасына ашып түшөр, же жетпей калар. Эл айткан, алар чийген идеалдуулукту кууп жүрүп, көңүлүңдөгүнүкүнөн кур калуу жаман. Бактысыздык. Өмүр бою чактап, чак келиши үчүн өзүңдүн көзүң менен эмес элдин көзү менен кароого туура келет. Менин идеалдуу дүйнөм эң оболу көкүрөк дүйнөмө туура келсин. Ырахатын, жыргалын өзүм көрөм. Сырттан карагандар балким түшүнбөшү ыктымал, сын айтып, таш ыргытып, соттоп, чийгилеп, сызып, жаратпашы мүмкүн. Бирок ал менин дүйнөм. Аны мен көзүмдүн карегиндей сактап, коруп, башкалардын үстөмдүк кылуусуна жол бербей, көнө келсе, аалам каршы чыкса да, каршы туруум кажет. Меники, мага майдай жакканы, көңүлүмө чак келгени - кымбат! Баарынан кымбат. Чечимиңдин артында тур! Ооп кетпе, тарттырып жибербе, тизгини карматпа! Өзүңдүн дүйнөңдү өзүң жарат, өзүң кооздо, өзүң автор бол! #жөнэлеойлор P.s. Менин өйдө - ылдыйым, кемчилик - артыкчылыгы бар дүйнөм кимдир бирөөнүн дүйнөсү үчүн идеалдуудур! ____________________________________________________ Жашоомо эмес жүзүмө гана сүрөт тарттырганга уруксаат берем! Сулуу кыздын сүрөтүн тарткан визажист сиңдим @aigera__vizazh колуң дарт көрбөсүн! Бактылуу бол!
Загрузка...
1479  
02.01.2020 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Жаркырап кирип келген 2020-жаңы жылыбыз жакшылыктын жылы болсун! Кудайым биринчи ден-соолук берсин! 🤲🏻🤲🏻🤲🏻 Ар бирибиздин тилеген тилектерибиз кабыл болсун.🤲🏻🤲🏻🤲🏻 Балдарыбыз ыймандуу, акыл-эстүү, кайрымдуу, куйумдуу, бактылуу болушсун.🤲🏻🤲🏻🤲🏻 Аларды тапкан ата энелири "БИЗ"ошол балдарыбыздын төрүндө, жалаң сый-урматтын устундо жүрөлү!🤲🏻🤲🏻🤲🏻 Кудайым ар бир уй бүлөөгө ынтымак, ырыскы, береке берсин!🤲🏻🤲🏻🤲🏻 Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун! 🤲🏻🤲🏻🤲🏻 Баарыбыздын жаны 2020 жылыбыз кут болсун🤲🏻🤲🏻🤲🏻. Үйсүздөр үйлүү болсун, баласыздар балалуу болушсун, ооруп жаткандар айыгышсын!🤲🏻🤲🏻🤲🏻 Ар ким өзунө эмнени кааласа, ошонун баарын башка адамдарга да каалашсын! Эң башкысы ден-соолук жана ынтымак болсун!🤲🏻🤲🏻🤲🏻 Дагы бир жолу жаны-жылыныздар менен!🙋🏻‍♀😘😘😘😘😘 Көйнөк👗 @ademi_art