сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6279   283   111516
13.05.2020
Бугун чындап ыйладым, жүрөгүм менен ыйладым😰. Буга чейин жардам сурап жеке кат жазгандарга колдон келишинче көмөк көрсөттүм, бирок, анын баарын жарыялагым келген эмес. Бүгүнкү көрүнүштү жарыялап коюуну туура көрдүм. Элим бири-бирибизди колдойлу, урушпайлы, чырдашпайлы, биригели, өнүгөлү, өсөлү. Таштандылардын арасында жашаган адамдарды көрүп зээним кейиди. Суу жок (көл дешти, топтолгон суу бар экен, ошол жерге жуунабыз дешти) аба жок (таштандылардын бырыксыган жыты каңылжаарды жарат). Өкүнүчтүүсү ал жерде жаш балдар көп экен. Мындай шартта жашаган балдар кантип дени сак чоңоёт? Дени сак болбосо кантип кыргыздын тукумун улайт? Жетиштүү билим жок, кантип коомго пайда алып келет? Суроолор көп... Жооп жок... Баарына жардам бергим келди, бирок, жеткире алган жокмун. Кайрымдуу инсандарды ушул инсандарга көмөк көрсөтүүнү чакырам.
Загрузка...
2656   25
13.05.2020
ГАМБУРГДАГЫ АЭРОПОРТТОГУ КЕЗЕК Сапарым аяктап кайра мекенге кайтуу үчүн аэропортто билетке кезекте турган болчумун. Алдымда болжол менен 200 киши, артымда болсо 100дөй киши бар эле. Жанымда мени күзөтүп келген Санжар деген тагам ошол жерде иштейт жана немис тилин жакшы билет. Биздин алдыбызда эки немис аял кезекте турган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин алардын жанына бир киши келип, лентанын сыртынан аларга кошулуп алууну суранда. Көрсө таанышы экен. Аялдын бири макул десе, экинчиси жок болбойт, элдин акысына кирип калабыз деп тартышып жатты. Бир аздан кийин эки аял катардан чыгып, жаңы келген киши менен кошулуп, эң акыркы катарга турушту. Мунун баарын эмнеге кетип калды деп сураганымда, тагам түшүндүрүп берди. Ошол кезде мага айтпайт белеңиз "кире бер деп, кошуп коймокмун" -десем; "сен макул болгонуң менен, сенин артыңдагы 100 киши макул болбойт да" - деп мени ойго салды.... АДАМ АКЫСЫНАН ЭТИЯТ БОЛОЛУ... Сенде калган 20 сомун сурап келген кишиге "мынча майдаланасың, 20 сом үчүн өлүп жатасыңбы" - деп жек көрбөңүз. Кыяматта ушул майда нерсенин азабы катуу болот!!! 13.05.20 Идрис акын