сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
455   23
03.05.2020
Оозду жаман сөздөн, колду жаман иштен токтотпосоң Аллах сенин ачка жүрүүңө муктаж эмес.. (Хадис) Жогорку окуу жайды да кызыл диплом менен бүтүп туруп, Жараткандын буйругун аткарып жайнамазга башымды койо албаптырмын. Мени менен мектепте окуган "экичи" досум эки жүз адамга ооз ачтырып ифтар берди. Профессор, илимдин кандидаты болуп, ошончолук наам менен Алланын буйругуна баш жетпесе-деп, өзүмдөн аябай капа болуп кеттим. Мага окшоп Европа өлкөлөрүндө окубаса да, айылда туруп, алты кой менен талаада өмүрүн өткөрүп Алладан калбаган досума рахмат айттым да, ифтарынан ичим өрттөнүп, өзүмдү өзүм жек көрүп, ойго батып келе бердим.... Жогорку билимдин дипломун чөнтөгүнө салып көкүрөк көтөрүп, бирок колдорунан бир жакшылык келбегендер көп.... Өнүккөн өлкөлөрдө окуп келип, улууга урмат, кичүүгө ызат эмне экенин билбесе.... Кантип жаштарды ошолордой бол деп айта аласың... *Ыңгайсыз суроо* Сен бирөөдөн "орозо кармадыңбы?" - деп сурасаң, эгер "ооба" десе купуя сырын ашкере кылып мактанычка түртөсүң. "жок" десе жалганчы болот. Унчукпай койсо сени тоотпогондой болуп калат. Анда сен таарынасың...сурайт десе эле обу жоктонуп сурай бербе. Суроо менен өзүңдүн деңгээлиңди гана көрсөтөсүң жана убакытты гана текке кетиресиң *Рахмат* Аллах үчүн жардам берип, жардам алган киши ыраазычылык билдирип "рахмат" айтпаса таарынып калба. Унутпа "рахмат" деген сөз үчүн эмес, башта Аллах ыраазычылыгы үчүн баштаган иштин жообун Алладан гана күтүп жаша. *Талашып-тартышуу* Талаш - башка бирөөнүн сөзүндөгү кемчиликти белгилеп берүү менен четке кагуу. Талашып-тартышуу жүрөктөрдү катырат, кек жана жек көрүү туудурат. *ЧАГЫМЧЫЛАР БЕЙИШКЕ КИРБЕЙТ!!!* Интернеттеги досторду бул хадисти жаттап алууга жана жамандыкты таратууну токтотууга чакырам... Идрис акын
Загрузка...
6215   285
02.05.2020
"Уулум, бул сенин таятаң" дедим сүрөттөн көргөзүп . "Айиий, сулуу киши турбайбы! " дедиң. Сен экөөбүз тең ага окшошпуз. Өзгөчө ырсактап тийишип, тамашалашып, какшык аралаш сүйлөгөн жагыбыз окшош ага. Музыкалык талантың, чопо чоордо ойногонуңан бери окшош. Атасына таарынган кыз жашоосунан бакыт таба албайт дешет. Ажырашканда гана кечире алуу күчүм ойгонду. Анткени таарына турчу дагы бир адам кошулуп, көтөргөнгө жүгүм оор болуп калды. Көтөргүм да келген жок. Уулуң турганда эркек аттууга таарынуу оңой эмес иш экен. Мен сени жакшылап тааныш үчүн, эркектик касиетиңди өстүрүп, тебелеп албаш үчүн аларды жакындан таанып, кабыл алып, кечирүүм керек эле. Аталар ар кандай болот экен турмушта. Жаралганыңа эле көмөк кошуп, жашооңон биротоло четтеп кеткени болот. Анын миссиясы жөн гана жаратууга жардамчы болуу. Ал тургай ал өзүнүн жоктугу менен болуп көрбөгөндөй эбегейсиз сабак берет. Кандай сабак бере алганын өзүнчө жазаармын. Айрым аталар үйрүлүп түшөт. Коруйт. Баласы үчүн дүйнөгө каршы чыкканга даяр. Аталар бар. Сенден алыс жашайт, бирок баласынан кол үзбөйт, жардам берет, жанында экенин сездирет. Аталар бар. Апасын да, балдарын да күм - жам кылып күндө төпөштөйт. "Ушундан көрө жер кучаткап жатса не?" дешет балдары. Жек көрүшөт. Аталар бар. Жер кучактап жатышат. Алар сөөлөтү, аты, качандыр тирүү кезинде калтырган элеси, баскан турганы мүнөзү мн тарбиялашат. "Атам мындай болчу! Атам тирүү болгондо..." деп тарбияланат алар. Аталар көп. "Ата" деген сөздүн түпкүрүн ар ким ар кыл кабылдайт. Аталуу кандай экенин билбейм. Атага эркелөө, анан сүйүүсүн сезүү кандай экенин да көргөн эмесмин. Бирок, мени жаратканга коңкон салымы үчүн ушундай ыраазымын. Ал менин жашоомдун бир бөлүгү. Кандай гана болбосун кабылдоого тийишмин...#жөнэлеойлор