сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
249   46   1608
12.04.2020
Досум. Кайран досум сагындым бир өзүңдү Кайгырбай капаланбай жүрөсүңбү. Жүздөгөн санаалаштан табалбадым Жүзүңдөгү бир сырдуу мүнөзүңдү. Дайынсыз кетип жүрөк жаралаба Дартыма өзүңдөй даба гана Ооруткан жүрөктө сырларымды Оргуштап бөлүшчү элем сага гана. Асыл дос асылдыгың жар салайын Алтындан аземделген хан сарайым. Бүт дүйнө Таш алып келсе дагы, Таш тосуп денем менен калкалайын. Карабай байлыгыма, каймагыма, Кан досум айландың ардагыма. Титиреп мен кыйналам асыл досум Тикенек кирген болсо бармагыңа. От кечүүгө даярсың мени менен Ок кечүүгө даярмын сени менен. Акыреттик кан досум сендейлерге Алланын жаннаттагы төрү белен. Жанымда сен болсоң сүйүнгөмүн Жанымда жок болсоң күбүлгөнүм Ишеним, намаздарда, жумуштарда Ийниме тийип турсун ийиндериң. Булбулу сайрап жаткан багымда бол, Агам бол, иним да бол, ханым да бол. Ажарың тиктеп алып жан берейин, Акыркы минутамда жанымда бол. Автор Баян Акматов 11-апрель 2020. саат 2:26
Загрузка...
6864   177
11.04.2020
ЖҮРӨК жана ТЕЛЕФОН Кээде чөнтөк телефонумдун бети шире же май болуп кирдеп калганын көрөм. Кичинекей кыздарым мындай кымбат буюмду момпосуй жеп шире, эт ууштап май жуккан колдорун жууп анан кармоо керек экенин кайдан билсин? Кир болгон телефонумду жакшылап тазаламай сайын көңүлүм жайына келбейт. Аны түзүктөп максаттуу колдоно да албай, ичтен жүдөй берем. Жакаң бир аз карарып, кийимиң болор-болбос булганып, минген унааңа ылай чачырап, компьютериңдин мониторун чаң басып, төшөгүң жыйылбай, дасторконуң жыйналбай, үйүң бытырап, корооң чачылып, керек болсо чокоюң майланбай турса деле ошол акыбал: башка ишти астейдил кылууга көңүлүң чаппай, көөдөнүңдү кандайдыр кыжалатчылыктын туманы басып, оюң онго, санааң санга чачырап, өзүңдү рахатсыз сезе бересиң. Бирок, бул маселе эмес: бир аз убакыт бөлүп, аракет кылсаң кир жуулат, чачылган жыйналат, ылай тазаланат, жакаң агарат. Чыныгы көйгөй – бул жүрөктүн, жан дүйнөнүн кирдеши. Кайдагы жоголчу, сынчу, чиричү, эскирчү, ары бассаң артыңда калчу, көздү жумсаң көрүнбөчү, жаңылоого, алмаштырууга, керексиз кезде ыргытып жиберүүгө боло турган буюм-теримдердин кири ошончо мазеңди алса, өмүр өткөнчө бир көз ирмем тынбай айланган каның менен кыбыраган жаныңдын кызматын кылган, ойлоруңдун, ниеттериңдин, пикирлериңдин, амалдарыңдын булагы жана уясы болгон, дене менен рухтун падышасы - жүрөктүн булганышы жашооңду кандай жабыркатып, заманаңды кантип заң-зуң кыларын элестетип көр. Аны буюм сыяктуу самын, айна жана суу менен тазалап жибере албайсың. Алмаштыра койгудай же машиненин дөңгөлөгү сыяктуу кошумча пайы жок. Килем, кийим, көлүк жууган техникалардай жан дүйнөнү жууй турган жабдыкты али эч ким ойлоп таба элек. Таба да албайт. Бирок, жүрөктү таза тутуунун жол-жобосу, шарттары бар. Ал үчүн тообо кыл. Шүгүр келтир. Өлүмдү эсте. Кечиргенди үйрөн. Аз тамак же. Дуба кыл. Түндө ибадат үчүн ойгон. Жакшыга жанаш, жамандан адаш. Адал тамактан. Пайдасыз сөздөн кач ж.б. дешет аалымдар...
881   0
11.04.2020
..... Мезгил тынбай азайтса да кубатты, Адам улам болоюн дейт кубаттуу. Күндөй өмүр байкалбастан жок болот, Нуру өчүп батып кеткен сыяктуу. ⠀ ..... Олтурганча телефонду кармалап, Куран үйрөн окусаң да тамгалап. Кыпындай бир жакшылыгың унутпа, Жаннаттагы жашооң үчүн арналат. ⠀ ..... Мүрзөм кийин толсун десең нур менен, Намаз оку сырдаш болуп түн менен. Өлүм даамы кылыч менен бөлгөндөй, Эчен кыйын тер агызып сүрдөгөн. ⠀ ..... Кечээги күн эми келбейт кайрылып, Берешен бол көңүлдөрдү таң кылып. Сараңдыгың сызга айлантат денеңди, Кетсең дагы алтын кабыр салдырып. ⠀ ..... Оо, көңүлүм кейибечи анчалык, Кереги эмне болбос ишке чаң салып. Акмактардын мамилесин акырын, Ыргытып сал таштандыга алпарып. ⠀ ..... Периштедей жашасаң да күндө сен, Пенделерден чыгат билгин сүйбөгөн. Кек сактабай чөлдү гүлгө айлантып, Кетериңде жылмайып кет дүйнөдөн. ⠀ ..... Пенде өмүрдө сүйөт жана сүйүлөт, Бирде күлүп, бирде туруп күйүнөт. Бирок билгин кандай адам экениң, Кимге ашык болгонуңдан билинет. ⠀ ..... Кир дүйнөдөн көңүл кургур булганды, Ким каалабайт түбөлүктүү жыргалды. Жашай бер деп акыретке аттанып, Жакшы адамдар кетип калган турбайбы. ⠀ ..... Карай калсам бир кылчайып артыма, Кайгы салган өкүнүчтөр бар тура. Кечээги күн батпачудай көрүнүп, Кечир ата жетпептирмин баркыңа. ⠀ ..... Күнөөбүз көп көбүгүндөй деңиздин, Күндө эстеп жан дүйнөмдү кейиттим. Алла Таала бирок чексиз мээримдүү, Ал кааласа берет төрүн бейиштин. ⠀ ..... Өмүр мынча кыска экенин карачы, Өлүм менен бир карыштай арасы. Баласына Азирейил келгенде, Пайгамбар да боло албаптыр арачы. ⠀ ..... Ачуу тагдыр кимдин келсин көргүсү, Сыноолорго чыдап жашайт эр киши. Бүгүн тарткан кыйынчылык түшүнгүн, Эртең келчү бакытыңдын белгиси. ⠀ ..... Кейибегин сонун күндөр алдыда, Жетиш үчүн басуу керек алдыга. Сабыры жок алсыз жандын канчасы, Тура алышпай жаткан жерде калды да. ⠀ Жеңишбек Жумакадыр