сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
592   63
05.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Тартипке баш ийип уйдон чыкпай олтурган шаардагы элибизге,балдарыбызга бир чети журогум эзилет...Уч кун болду сыртка чыкпаганыма,азыраак муктаждыктын себебинен улам,алыска узабаган озумдун кочомдоку дуконго баш бактым 👌 Баары бар алган адам сейрек конулум ток уйго кайттым,жолдо деле бирин серин адамдар,айтоор дуйнону тунжуроого туш кылган табышмагы менен тумоосун ойлоп тапкан олуяларга акыл берсин...Баары келип жараткандын колунда эмеспи.Ангыча туймодойдон туйени жасама дегендей,ал арада дуйнолук жанылыктардын куну тууп жаткандай..Ылайым эле апыртып жаткан ашынып жаткандардын тилдерине тибиртке чыгып калса экен..Сабыр деген созду айтып коюу оной,албетте жооп да коп,акылмандар ойчулдар философ,биологдор вирусологдору баштаган,козу ачык бакшылардан бери эми бул дарттын артынан далай китептер жазылып,кийизден килем да токулуп жатышат...Бирок тируулуктун шыбырын,добушун,озгочо жаз менен келген омурдун шоокумун кумарлана тыншоо кандай рахат ☀️Мен тоого же бир чарбагы келишкен короонун бакчасына жеткен жокмун,бугун болгону бир квартал шаардын чок ортосундагы узун ээнсиреген кочодон,чымчыктардын сайрашып жатканын уктум,чырпыктардын жап жашыл туско келип айланага корк чачып турганына суктанып,кыска жолдон кайрылып уйумо кирдим...Асман жердин ээси жалгыз гана кудуретке жалынып шугур дейли.Адамзаттын тирешуусунон,кулдарынды куткарсан экен эгем жараткан 🙏Айта берсе тугонбойт арманы куч шум жалган карыпчылыгын курусун,кучтуунун козун караткан-деп акылмандар айткандай,тируулуктун баасын кунун,коркун демин сездирген жашообуз оз нугунда оруштосун! Баарынарды суйомун Оо Адамдарым!
6251   250
05.04.2020
КОШТОШУУ Дарыгерлерге арналат Күн батаар маал жакындап калган. Аялы Надырды дасторконго чакырды: - Тамак даяр болду. Келиңиз. Бир топ жаш кичүү болгондуктан, анан да күйөөнү сен деш оройлук катары кабылданчу чөйрөдө таалим-тарбия алгандыктан жубайы дайыма сиз деп кайрылат. Башында өөн учураганы менен, Надырдын бара-бара буга кулагы көнүп кетти. Ал тургай мындай мамиле көңүлүнө жагып, көөдөнүн көлкүтчү болду. Анткени, сөздүн мааниси ортодогу алакага аябай таасирин тийгизет экен. “Сиз” деген сөз кандай шарт, кандай абал болбосун, керек болсо казан-аяк кагышкан учурда да ортодогу сый-урматтын угут-уюткусун сактап, жашоонун берекесине себеп болот тура. Ынтымагы ысык адамдар “Эч качан сен-мен дешпедик” деп калышат го. Анын сыңарындай бирин-бири сен дешкен дос-аяштарыныкына караганда өзүнүн жары менен болгон таттуу мамилеси, Кудайга чексиз шүгүр, асман-жердей айырмаланат. - Азыр, - деди Надыр сегизинчи кабаттагы үйүнүн терезесинен эшикти караган тейде. Ал аллеяда велосипед тепкенди үйрөнүп жаткан жаш балага көмөк көрсөтүп ары-бери басып жүргөн толмоч келинди жана аларга саресеп салып бейкапар турушкан улан-кызды нааразы боло тиктеп: “Тообо, угушпайт экен да. Эшикте энесинин мурасын, атасынын алтынын таркатып жатса да үйлөрүндө отурушпайбы. Бир жумадан бери биз буларга түш же жомок айтып жатабызбы? Өздөрүн болбосо да, кошуна-колоңду, элди-журтту ойлош керек го. Көчөдө талтаңдап, балага велосипед үйрөтчү заманбы азыр?” деп ойлонду куйкасы куруша. Анан ал тазалыкка кирип, колун шашпай самындап, салааларынын арасынан бери ыкшап жууду. Демейде, минтпестен манжаларынын учун сууласа эсеп болуп, даам татмакка отура берчү, бирок, акыркы он күндөн бери колун ушинтип астейдил тазалоону адатка айлантты. Балдарынан да так ушинтүүнү талап кылып, колду мыктылап жууштун жол-жоболорун үйрөтүп койду. Дасторкон үстү дайымкыдай эле берекелүү. Жумшак нан, мөмө-жемиш, бал, каймак, быштак, салат, сүт, кургатылган өрүк жана мейиз коюлган. Аялы нокот талканынан жасаган түрк шорпосун чоң чыныга куюп, үстүнө лимон суусун сыгып, Надырдын алдына койду. Жети жашар уулунун, төрт жана эки жаштагы кыздарынын тарелкаларында картошка фри. Уландысы ⬇️⬇️⬇️