КОШТОШУУ
Дарыгерлерге арналат
Күн батаар маал жакындап калган. Аялы Надырды дасторконго чакырды: - Тамак даяр болду. Келиңиз.
Бир топ жаш кичүү болгондуктан, анан да күйөөнү сен деш оройлук катары кабылданчу чөйрөдө таалим-тарбия алгандыктан жубайы дайыма сиз деп кайрылат. Башында өөн учураганы менен, Надырдын бара-бара буга кулагы көнүп кетти. Ал тургай мындай мамиле көңүлүнө жагып, көөдөнүн көлкүтчү болду. Анткени, сөздүн мааниси ортодогу алакага аябай таасирин тийгизет экен. “Сиз” деген сөз кандай шарт, кандай абал болбосун, керек болсо казан-аяк кагышкан учурда да ортодогу сый-урматтын угут-уюткусун сактап, жашоонун берекесине себеп болот тура. Ынтымагы ысык адамдар “Эч качан сен-мен дешпедик” деп калышат го. Анын сыңарындай бирин-бири сен дешкен дос-аяштарыныкына караганда өзүнүн жары менен болгон таттуу мамилеси, Кудайга чексиз шүгүр, асман-жердей айырмаланат.
- Азыр, - деди Надыр сегизинчи кабаттагы үйүнүн терезесинен эшикти караган тейде. Ал аллеяда велосипед тепкенди үйрөнүп жаткан жаш балага көмөк көрсөтүп ары-бери басып жүргөн толмоч келинди жана аларга саресеп салып бейкапар турушкан улан-кызды нааразы боло тиктеп: “Тообо, угушпайт экен да. Эшикте энесинин мурасын, атасынын алтынын таркатып жатса да үйлөрүндө отурушпайбы. Бир жумадан бери биз буларга түш же жомок айтып жатабызбы? Өздөрүн болбосо да, кошуна-колоңду, элди-журтту ойлош керек го. Көчөдө талтаңдап, балага велосипед үйрөтчү заманбы азыр?” деп ойлонду куйкасы куруша.
Анан ал тазалыкка кирип, колун шашпай самындап, салааларынын арасынан бери ыкшап жууду. Демейде, минтпестен манжаларынын учун сууласа эсеп болуп, даам татмакка отура берчү, бирок, акыркы он күндөн бери колун ушинтип астейдил тазалоону адатка айлантты. Балдарынан да так ушинтүүнү талап кылып, колду мыктылап жууштун жол-жоболорун үйрөтүп койду.
Дасторкон үстү дайымкыдай эле берекелүү. Жумшак нан, мөмө-жемиш, бал, каймак, быштак, салат, сүт, кургатылган өрүк жана мейиз коюлган. Аялы нокот талканынан жасаган түрк шорпосун чоң чыныга куюп, үстүнө лимон суусун сыгып, Надырдын алдына койду. Жети жашар уулунун, төрт жана эки жаштагы кыздарынын тарелкаларында картошка фри. Уландысы ⬇️⬇️⬇️