сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3056   95
04.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Оо Жараткан.... Күтүп жүргөн жаз да келди.., март келди, Жалгыз келбей мартка кошо дарт келди. Пейил кетип, ыйман кетип турганда, Жараткандан «ойлон» деген шарт келди. . Оо Кудайым.., бар экениң билгиздиң, Көпкөн элек.., эсибизге киргиздиң. Тумшугубуз асман тиреп калды эле, Тумшуктарды жерге кайра тийгиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Баштарды да жайнамазга тийгиздиң. Өлбөчүдөй өпкөбүз көөп калды эле, Мурдубузга өлүм жытын тийгиздиң, Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Баарын тегиз акылына киргиздиң. Бай кедейге калган элек бөлүнүп, Баарыбызга окшош беткап кийгиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Көп адамды акылына киргиздиң. Көчүгүбүз жер жыттабай калды эле, Баарыбызды айдап үйгө киргиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Чоңдорду да акылына киргиздиң. Чиригендер эл башкарып калды эле, Чимкиригин чубап жерге тийгиздиң. Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң.., Байларды да акылына киргиздиң. Байлык менен баарын өлчөп калды элде, Бир заматта баарын тең кан сийгиздиң... . Маматкадыр Тиллебаев. 1-апрель,2020 ж.
9415   237   99754
04.04.2020
Бүгүн пиар кылуучу учур эмес!!! Жалпы адамзаттын башына түшкөн оор күндөн биргеликте чыгуу, ушул сыноону чогуу жеңүү күнү! «»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»Ооба, "оң колуңдун бергенин сол колуң билбесин" - деген кеп бар. Бирок, кырдаалга байланыштуу бул видеону мактануу эмес, мүмкүнчүлүгү бар боорукер замандаштарыбызды бизге кошулуп жардам берүүгө чакыруу үчүн чыгардык. Муну туура түшүнөсүздөр деп ойлойбуз. 🙏🙏🙏🙏 «»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»» Билсеңиздер өнөр адамдары жалтырак көйнөк кийип, күлүп жүргөнү менен көпчүлүгүнүн капчыгында маңдай жылытарлык миллиондору деле жок. Ошентсе да, алыбыздын жетишинче уюштуруу жолу менен ырчы, тамада, журналист, блогер, айтор... маданият чөйрөсүндө жүргөн бир топ өнөр адамдары топ-топко бөлүнүп аракет кылып жатабыз. «»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»» Кезинде биздин ата-бабаларыбыз да мындан оор, мындан кыйын күндөрдө акыркы жарты токочун, бир кокуч талканын тең бөлүшүп жеп, ынтымак, биримдик менен далай сыноолорду жеңген. Аны улап бүгүн да муктаждарга каралашып аткан шарты, мүмкүнчүлүгү бар баардык кыргызстандык замандаштарга таазим жана ырахмат. 🙏🏼🙏🏼🙏🏼 «»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»» Кудай буюрса бул күндөр да өтөт. Ынтымак, биримдик, тартип жана тазалык менен аты жаман ооруну сөзсүз жеңебиз.✊✊✊ Пейилибиз тазарып, жүрөгүбүз агарсын. Бири-бирибизден жардам, жакшы сөз аябайлы. Жараткан ар бир пендесинин күнөөсүн кечирип, оору-сыркоосуз бейпил, бактылуу күндөрүбүздү кайрып берсин.🤲🤲🤲🤲🤲 «»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»» Соңунда СИЗден суранарыбыз ☝️эгер шартыңыз бар болсо, биздин катарга кошулуңуз.🗣🗣🗣 Али дагы биздин колубуз жетпеген 2,3 күндөн бери оозуна наар албаган, бир чымчым уну, бир кесим наны жок жарандарыбыз арбын экен. Чалуулар өтө көп болуп жатат. Эгерде өз бала-чакаңызга жетээрлик оокат-ашыңыз болсо, анда СИЗдин андан да чоң жардамыңыз #ҮЙДӨН_ЧЫКПОО, #ҮЙДӨ_БОЛУУ, #ҮЙДӨ_ОЛТУРУУ, #ТАРТИПТИ_САКТОО, #ТАЗА_БОЛУУ!!! «»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»»» Баарыңыздарды терең урматтап, ӨЗГӨН ӨНӨРПОЗДОРУ! @ozgon_onorpozdoru_official
Загрузка...