сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
1422   79   22541
04.04.2020
Инстаграм, фейсбку ж.б социалдык баракчадан жазып жаткандарга сураныч *0772552015 Айдай* номерин берип турсаңыздар. Социалдык кызматкер. Ушул кунгө чейин чалгандарды каттап бир тизме кылып жатат. 🙏🙏🙏 Достор, өлкөдө оор абал болуп турган учурда үйүндө азык-түлүгү жок отурган мекендештерге жардам берели. Каражатты төмөндөгү реквизиттер аркылуу которо аласыздар: 1⃣ «ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ» ККФ банк эсеби. КР, г. Бишкек, ул. Исакеева 18/3 Расчетный счет: 1091620099650110 БИК 109016 ИНН: 01410200810043 ОКПО 25925621 Юр.адрес: КР, г.Бишкек, мкр-н Тунгуч, ул.Исакеева 18/3 Код налоговой 003 ⠀ 2⃣ электрондук капчыктар: ЭЛСОМ — 0770 00 40 44 Баланс — 0770 00 40 44 М-банк — 0770 00 4044 О деньги — 0770 00 40 44 ⠀ 3⃣ акчалай же башка жардамыңарды (азык түлүк, даары-дармек ж.б) Нурсултан Майназаров, Азамат Исмаилов, Эркин Рыскулбеков же Кубат Кубанычбеков келип алып кетишет. ⠀ Чогулган каражаттардын ачык жана калыс муктаждарга жеткирилишине “ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ” фонду жана уюштуруучу топ толук кепилдик берет. Жардам берели, биригели!
6193   84
03.04.2020
АКЫЛМАН ТЕШИК ЧАКАГА КАНТИП СУУ ТОЛТУРДУ? (Жаңы чыгармадан үзүндү) Илгери бир акылман адам сабыр тууралуу көп айтып, элди ушул улуу сапатка чакыра берчү экен. Муну байкап жүргөн кыраакы падыша анын сөзүнө амалы шай келеби же жокпу деп текшергени алдына чакыртып, түбү тешик чака берип: “Ушуга толтуруп суу алып келесиң, болбосо зынданга салам!”, - деп шарт коёт. Акылман бир саамга ойлоно калып, падышанын айтканын аткарууга сөз берет, бирок, жүз күн убакыт сурайт. - Макул. Бирок, жүз күндөн бир күн кечиксең, өзүңдөн көр, - дейт падыша. Анан алда эмнени эстегендей өз бешенесин оң колу менен акырын чаап, - Баса, дагы бир шартым - чаканы сууга бир салган бойдон толтуруп сузуп алып келишиң керек, - деп кошумчалайт. - Жарайт, урматтуум, - дейт берки адеп сактай колун көкүрөгүнө алып бир аз ийилип. Анан ал эшигинин алдындагы чоң арыктагы суунунун жайыраак аккан жерин таап, ичин чуңкурураак кылып казып, ылдый тарабына үч казык кагып, ага такап таш менен чым аралаштыра сууну тосуп улуулатат. Падыша берген тешик чаканын боосуна эки бекем, оңойлук менен чирибес зымдарды улап, арыктын эки кырына казык сайып ошолорго чырмап байлап, баягы тоскон көлмөсүнө чөктүрөт. Эсептелгендей эле көлмө чакадан эки барабар терең болуп чыгат. Казыкка катуу байланган чаканы суу агыза албайт. Ошентип, күндөр өтө берет. Бара-бара суу тартылып азайып отуруп, сексен күн дегенде челекти араң көмгөнчөлүк тайыздайт. Ал мезгилде кеч күздүн боз кыроосу жерди тегиз каптап, үшүк түшүп, арыктын четтери тоңо баштаган болот. Токсон үчүнчү күн дегенде кыш күчүнө кирип, токсон түшүп суунун үстүн муз каптайт. Токсон жетинчи күнү суу толук тоңуп, балдар үстүндө жылгаяк тээп ойной башташат. Күн сайын табият кубулушуна назар салып турган акылман ошол күнү арыктан чаканы алганда ичи толо муз кошо чыгат. Ал түз эле падышанын сарайына багыт алат. Ошентип, сабырдуулугу менен өлкө өкүмдарынын тапшырмасын так өтөп, сынынан өтүп, көп сыйлык алып, жакын вазирине айланган экен акылман. Ошон үчүн кээ бир учурда агымга каршы жиребей, маселени тек гана убакытка калтырып коюу туурадыр. #САБЫР ТҮБҮ САРЫ АЛТЫН! БУЛ КҮНДӨР ДА ӨТӨТ, БУЮРСА 3-апрель, 2020-жыл
4683   192
03.04.2020
"Сен менин оюмдагыдай бол!"- урушутун ана башы. Эрди - катын, ата - эне, тууган - урук ж.б. арасындагы уруш ушул сөздөн башталат. "Кечирип кой ошенте албайт экенмин да! " деген эч ким жок. Эмнеге бирөө сенини оюңдагыдай болуш керек? Менин түзүп койгон идеалдуу, төрт тарабы төп келген калыбыма бирөө түшүш керек? Элестет, тегерегимдегинин баары мен каалагандай боло берсе, жашоонун кызыгы, түздөнүү, аракет кылуу, кемчилик оңдоо, өзүңдүн үстүңөн иштөө жок болмок. Бизге "Бирөөнү кемчилиги мн кабыл ал. Кандай болсо, ошондой сүй!" деген нерсени үйрөткөн эмес. Ошон үчүн балдарыбызды өзүбүз каалагандай, өзүбүздүн дүйнө таанымыбыз, билимибиз жеткендей өзгөртүп, жасап алганга аракет кылабыз. Күйөбүздү, же аялыбызды ошентебиз. Кээ бири чын эле башка бирөөнүн калыбына түздөнүп, өмүр бою башка адам бп жашайт. Ошентсе да жакпайт. "Мен өзүңдү өзүңдөй кабыл алам. Эч нерсеңди өзгөрткүм келбейт! Кудайым, ааай, сени Кудай эргүүсү келип атканда жасаган окшойт,ээ?" деген бирөө болсо ээ?))) Тилекке каршы, жүрөккө зак сала турган бир гана жакындарыбыз боло алат. Сөзүңөр мн мамилеңер мн кескилеп, бычактабагыла! Алгач руханий өлтүрөсүңөр, анан физикалык жактан өлтүрөсүңөр! Жөн эле кандай болсок, ошондой эле кабыл алып, сүйгүлөчү, же сүйөлүчү?♥ #жөнэлеойлор
5188   156   51721
03.04.2020
Ассаламу алейкум мекендештер🇰🇬 Инстаграм, фейсбку ж.б социалдык баракчадан жазып жаткандарга сураныч *0772552015 Айдай* номерин берип турсаңыздар. Социалдык кызматкер. Ушул кунгө чейин чалгандарды каттап бир тизме кылып жатат. 🙏🙏🙏 Достор, өлкөдө оор абал болуп турган учурда үйүндө азык-түлүгү жок отурган мекендештерге жардам берели. Каражатты төмөндөгү реквизиттер аркылуу которо аласыздар: 1⃣ «ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ» ККФ банк эсеби. КР, г. Бишкек, ул. Исакеева 18/3 Расчетный счет: 1091620099650110 БИК 109016 ИНН: 01410200810043 ОКПО 25925621 Юр.адрес: КР, г.Бишкек, мкр-н Тунгуч, ул.Исакеева 18/3 Код налоговой 003 ⠀ 2⃣ электрондук капчыктар: ЭЛСОМ — 0770 00 40 44 Баланс — 0770 00 40 44 М-банк — 0770 00 4044 О деньги — 0770 00 40 44 ⠀ 3⃣ акчалай же башка жардамыңарды (азык түлүк, даары-дармек ж.б) Нурсултан Майназаров, Азамат Исмаилов, Эркин Рыскулбеков же Кубат Кубанычбеков келип алып кетишет. ⠀ Чогулган каражаттардын ачык жана калыс муктаждарга жеткирилишине “ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ” фонду жана уюштуруучу топ толук кепилдик берет. Жардам берели, биригели!