сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1010   45
02.04.2020
Достор кандайсынар? Карантинди кандай өткөрүп жатасыңар? Кечээ кыялымда балалыгыма кайтып, балам менен атышмай ойнодум.Бала кезде "татах" деп койчубуз. Кадимкидей черим жазылды. Баламдын кубанычында чек жок. Көзүмдөн жаш куйулуп кете жаздады. Көрсө балдарыбызды окутуп,курсагын тойгузуп,кийинтип-ичинтип жатабыз деген ой менен жүрө берчү экенмин. Ойунчуктарың менен ойно балам деп телефондон башыбыз чыкпайт же үйдө көп деле болбой калабыз. Көр дүйнө менен алышып турмуштагы көп баалуулуктар көңүл тышында калып калгандыгын эми сезип отурабыз. Аты жаман илдет дүйнө жүзүнүн жана анын ичинде мамлекетибиздин,элибиздин экономикасына канчалык чоң таасирин тийгизип,адам затты оору менен коркутуп ар бирибизди үй камаганы менен башка көптөгөн баалуулуктарды көзгө сайып көрсөтүп койду. Аялым жакшы адам экен, улуу эки кызым чоң кыз болуп калыптыр. 😄 кичине тамаша аралашып кетти. Үй бүлөөбүз менен бирге болуп ар дайым бактылуу бололу. Баардыгыныздарга аманчылык тилейм.
Загрузка...
1637   223
02.04.2020
Кечээ жыйында өкмөт башчыга айтайын десем, мага убакыт жетпей, сөз тийбей калды. Алтынай Өмүрбекова азыркы өкмөттүн курамындагы эң компетенттүү, жоопкерчиликтүү жана иш билги кадр болчу. Ачык-айкын иш алып барган вице-премьер эле. Алтынай Сейитбековнаны кызматтан кетирүү абдан чоң катачылык болду. Мен дайыма бул киши тууралуу жакшы гана ойлорумду айтып келатам, айылдарда бош турган имараттарды бала-бакчага айлантуу демилгесин да чекиндүү баштаган эле. "Ашууда ат алмашпайт",-деген сөз бар. Штабдын ишин алып барып жаткан адамды кетирип, эми жаңысын алып келип аны үйрөткөнчө дагы канча убакыт кетет билбейм. Саламаттыкты сактоо министри катары абдан жакшы иштеп жаткан Талантбек Батыралиевди иштен кетирип, Чолпонбаевди алып келишти. Эми Өмүрбекованы кетирип, айтор, жакшы иштеген, профессионалдарга өкмөттө орун жок. Ал эми мындай кадрларды сактап калууга, керек болсо сырттагы күчтүү кадрларды өкмөткө алып келүүгө биз отурган мокок, жалтак, чечкинсиз парламенттин күчү кайдан жетмек эле. Парламенттик башкаруунун маңызын түшүнбөй, трибунаны, мандатты кор кылган үчүн президенттик эле башкаруу ыңгайлуу деген ойдун башын ачып башташты да. @altynai_omurbekova