сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
34020   1281   305069
02.04.2020
Берекем кызым... @aselkadyrbekova жаңы ырына биз дагы слайд жасап көрдүк. Жакшы чыгарма болуптур, азамат! Менден үч кызым тең сурай берет. Мен кандай элем жаңы төрөлгөндө ? Тентек белем? Ыйлаак белем ?-деп. Баланы оңой эч ким чоңойтпосо керек. Айымкам гипертонус болуп, төрөлгөндөн баштап массаждан чыккан жокпуз. Баспай да калышы мүмкүн деп коркутушкан;((. Бирге чыккан соң, аябай тентек болду. Мектепке бараары менен токтолду. Азыр абдан жоош кыз💐❤️. Элимамды аябай кыйналып жатып, акыры аны дагы кесарево жолу менен 15 саат толготуп төрөдүм. Бир айында -үч айлыктай толук болчу. Сүтүм көп,майлуу эле. Апам үй болсоң союшмак эмес деп күлүп калчу😂. Өтө эркелеп чоңойду. Айыма кызганып күндө тарынаар эле. Айлинкам төрөлгөдө экөө эже болуп, аябай жардамдашты. Ары басып кетсем, Айыма сникерс , конфет оозуна сала калат эле😅. Элима сурабастан көтөруп алчу. Баарынан кызыктуусу, Айлинди 1-октябрьда төрөйт элем. Алдын ала пландалган үчүнчү операциям болгондуктан, бир жума бою качып жүрүп төрөтканадан, 7-октябрь төрөгөм. Бир күн жатып, 10-октябрь түз эфирге “Муз обого” чыкканым эсимде. Андан соң, декабрьга чейин күндө той. Айлинкам өзгөчөлөнүп, эң кымбат коляска, манеж, кийимдердерде чоңойду. Ушул үчөө үчүн талыкпай иштеп келем. Эң жакшы нерселерди арнайм, аракет кылам аман болсом, көп дагы жакшы нерселерди жасайм.
5810   204
02.04.2020
Далай аял затынын нукура сырткы жүзү чыга баштайт жакында. Кирпиксиз, боексуз, тырмаксыз. Өзүңөрдү нукура келбет мн кабыл алуу, жасалма эмес абалыңызды сүйүү мүмкүнчүлүгү келди. Өзүнүн нукура сулуулугун кабыл алгысы келбегендер, өзүнө төмөн баа бергендер укмуш шыбанат, боенот, сулууланат, бетин боек мн өзгөртүүгө, башка кыз болууга аракет жасайт. " Өздүк жүзүм эч кимге жакпайт, мени кабыл албай коет, шылдыңдашат" деп коркот кыздар. Өзүн сүйгөн адам өзгөлөрдүн баасына муктаж эмес. Өзүн баалаган адам башкаларга жагам же жакпайм деп коркпойт. Өзүнө ишенимдүү адам жигитим, сүйгөнүм, жолдошум таштап кетет деп коркпойт жана жакын адамынын үстүндө титиребейт. Өзүнө ишенген, өзүн сүйгөн адамдан ошондой энергия чыгат. Өзүн сыйлабасты, өзгөлөр да сыйлабаарын унутпаңыз. Жаныбарлар сындуу эле инстинкттер сүйлөйт, энергияны сезет, рухуңдан маалымат алынат. Өзүн сүйүүгө өзүн жакшы алып жүрүү, жасануу, сулуулануу да кирет, бирок ал чекти билет жана кааласа боегу жок да жүрө алат. #жөнэлеойлор
Загрузка...
1018   59   9050
02.04.2020
Баарына Салам! Эгер сиз ушул постту окуп, видео көрүп жатсаңыз,журокчону басып, комментарий жазып, СМИ белгилеп, бөлүшүп коюңуздар сураныч!мына көп күндөн бери,чек аралар жабылганына байланыштуу,биз Энелер @gulinaulaimanova @akim.mederov @suluu_sulushkina @_meka_1988 Балдарыбыз атайын 2-бала түтүкчө аркылуу дем алат,3-бала аппаратда жатканына байланыштуу жашоого суудай керек медициналык керектүү нерселерди чет жактан алдыра албай, башыбыз маң болуп отурабыз. Ошон үчүн Өкмөт башчыларынан бизге жардам колун сунушунуздарды суранып ушул видео,пост жазып жаткан учурубуз. Адам баласы ачка канча күн жашай алат? Суу ичсе да жашоо улана берет.Биздин балдар өпкөсүнө кеткен трубка мойнунда жок болсо ,жашоо бүткөнү ошол.Ал түтүкчөсун тазалап туруу үчүн кататер керек,аппаратка фильтр,тамак жеш үчүн ашказанга салынган зонд керек, Атайын смесь,контурлар,булардын баарын бул убакка чейин өзүбүз сатып алып жүргөнбүз.Азыр абалыбыз оор,жардамга муктажбыз! Эч бир эне балам деп сыздабасын!!!