сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
25536   365
01.04.2020
Күнөөлүү ким??? 😔 ________________________________________________________ Соңку учурда маданият адамдарына, ырчы, чоорчу кесиптештерге ар кыл сөздөр, сындар айтылууда.😏 "Мына силерге жакшы болду", "Акча таппай, челлендж тартып отуруп калдыңар", "Көөп кеттиңер эле 5 миңге ырдабай", "Эми элге жардам бергиле чачыңарды кырбай" ж.б. Миңдеген ойлор!!! "1сом" дагы акча бирок, "Бир карын майды бир кумалак чиритет" деп айтылгандай, ар түрдүү адамдар бар.., 5 миң сом эмес бекер ырдагандары да бар! Алардын саны аз, билем! 😏 Мен дагы атам менен апамдын "60 жаш" тоюнда маданият адамдарына күнүм түшкөндө түшүнгөм! Ошентсе да, арасында алтын адамдар аз эмес... ________________________________________________________ Ооруунун айынан маданият инсандары эле эмес, дүйнө жүзү иши жок отурат го!😔 Эмнеге бирөөнүн "чөбүн" көрүп, өзүбүздүн "Пилибизге" көз жумуп коёбуз??? Жардам берилип жатат колдон келгени, буйруганы!🙏 Айтылганы жарнама болуп, айтылбаганы көрүнбөй!🙏 Келгиле андан көрө амандыгыбызды тилейли, элибизден жамандык алыс болсун, сындан алыс болуп сыйлашалы!🙏 #жамгырчиева #жамгырчиеваteam
292   15
01.04.2020
Азамат сыны-Эрдик! Эрдин сыны-Элдик! Баракелде бугунку,Парламенттеги,Окмот,Мамлекет Башчысы биригип,ийри олтуруп туз кенешуусундогу,жети олчоп бир кескен, коп маселелердин,кырдаалга карата ыкчам, натыйжалуу чечкиндуу иштегендерине кубо болуп кадимкидей кубаттанып калдым. Адамдын корку акыл дегенди далилдеп жатасыздар бали! "Кучуно карап жук котор"-деген биз сыяктуу аз калкы бар,чама чарпы чектелуу журтка туп туз айтылгандай. Парламенттеги Жогорку Кенештин окулу Алтынбек Сулайманов ото туура маселенин ток этер жерин айтты,бар болунуз иним,кундон кунго карапайым,жакыр элибиздин уйундо камалып олтурушу жакшылыктын жышааны эмес туугандар. Коомубузда негизги катмар кесибине,даражасына, карабай кунумдук болор болбос,жетер жетпес оокаты менен кун кечирген элбиз го... Азыркы абалдан чыгуунун жолдорун дал бугункудой сергек ачык ортого акыйкаттуулуктан жазбай,элим деп айгай салбасаныздар,эртенки кунубуз будомук болуп болгондон сактасын ылайым. Бугунку кырдаалдан элибиз эсен-аман чыгып бакубат,мамыр жумур алпейим турмушубузга ниет тилек кылалы. Жалпы элим деп жанын уроп иштеп жаткан,Эл тагдырын ойлонуп иш жасап жаткан Окмотубузго Парламент окулдоруно алкыш🙏 #мекенимкыргызстан🇰🇬❤️ #ракмат_амандыктилеймжалпыга #парламенткыргызстана #правительство #президенту_кр_кыргызстан #тынч_олком_кыргызстан #амандыкберсинжараткан @altynbek_sulaimanov #баракелде