1127 73
30.03.2020
... Илгери бир касиеттүү адам жашаган аймакка эпидемия келиптир. Анан ошол касиеттүү адам көчөнү бойлоп, кайгырып кетип баратса, алдынан жан алгыч көрүнөт экен. Касиеттүү адам жан алгычты токтотуп “канча адамды алганы жатасын?” деп сурайт. Анда жан алгыч 5 миң адамды алып кетээрин айтат. ______________________________________________________________ ... Ошентип күндөр өтөт. Эпидемия токтойт. Жыйынтыгында 15 миң адам өлгөн болот...
... Мындай жаман кабардан кийин касиетүү адам капа болуп кетип баратса жан алгыч алдынан көрүнөт. Токтотуп “сен 5 миң кишинин жанын алам дедиң эле, эмне үчүн 15 миң адамды алып кеттиң?” деп сурайт. Ошондо жан алгыч “Ооба, мен өзүм айткан 5 миң гана адамды алып кеттим. Калган 10 миң адам коркунучтан коркуп отуруп эле өздөрү өлүп калды” дептир. _____________________________________________________________ ... Демек, замандаштар, ар кимди укпай, ар кандай жалган маалыматка көңүл бурбай, ачка калабыз деп коркпой, жугуп калат деп кооптонбой, абалдан өзүбүздү жана өңгөбүздү сактап, темирдей тартип менен ылаңды жеңип чыгалы. Бейпил тун!