сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
693   20
30.03.2020 Manas International Airport
Бүгүн ушул красавчик акемдин 😊 туулган күнү эмнеге бүгүн погода жакшы десе😍 @almaz_sher сиз жашоодо өзгөчө ар тарабынан төп келген инсансыз. Биринчи эле сиз жөнүндө айтса элдин баары эле кичи пейилдигиңизди, жөнөкөйлүгүңүздү, адамкерчилигиңизди айтышат. Адамды дайыма бир өзгөчөлүк менен таң калдырып турасыз. Ар дайым ар кимге жардам берип колдогонду адат кылып алгансыз. Ар дайым мен шашылып калсам Аэропортко менден башка ким болсо деле кандай ишиңиз болбосун баарын таштап, мен жеткизип койом деп ордуңуздан ыргып турганыңызда мен аябай таң калам болбосо канча сизден кичүү жаш балдар бар баарынын эле машинеси бар бирок сиздей адам болуу кыйын ар бир инсанга. Бул жердеда мени аэропортко жеткирип узатып жаткан учурда сүрөткө түшкөн экенбиз. Адамга жакшылык кылуудан эч убактыңызды аябайсыз. Аллахым сизге эки дүйнөлүк бактылуулукту насип этсин бул жалган жашоодо эмне максат кылган болсоңуз кандай ой,тилек максаттарыңыз болсо баары оорундалышын тилейм. Мен сизди бир тууган акемдей эле көрөм. @almaz_sher
1839   101
30.03.2020
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! 🤔 - Кайра-кайра маалыматтык сайттарды карап, ар кандай кабарлар менен башыңызды оорутпаңыз! Көпчүлүк сайттар калп маалыматтар менен аудиториясын көбөйтүүнүн гана камында. Жалганга ишенип алып, кокус аны бөлүшүп, же пост жазып койсоңуз жоопкерчиликке тартылып калышыңыз мүмкүн. Штаб тарабынан берилген маалыматтар так. Аларды бир күндө эки жолу угуп, андан ары өз ишиңиз менен алек болгонуңуз оң. ______________________________________________________________ - Азыр айрым партиялар, же коомдук уюмдар, жеке адамдар жардам эсебин ачып, акча чогултууда. Мүмкүн алар Сиздин акчаны кайрымдуулукка жумшаар. Бирок, ал акчаныз алардын аты менен кетет, Сиз аларды жарнама кылууга гана жардам берген болосуз. Айрым партия, коомдор өз каражаттары менен жардам берүүдө. Убакыттан пайда тапкандар да жок эмес. Жардамды атайын штаб ачкан эсепке которсоңуз, даректүү жетет деп ойлойм. ______________________________________________________________ - Жардам берип жаткандарды сынга албаңыз. Ал акчаны кайдан тапты, кантип тапты, эмне үчүн берип жатканы маанилүү эмес. Маанилүүсү – акчаны алуу жана даректүү пайдалануу. Ал эми акчаларынын адал же арам экенине өздөрү Алланын алдында жооптуу. Мисалы, бүгүн @aiperikubikkyzy Айпери Кубик кызын “мактанба” деп жатышат. Ал колунан келген жардамын берип, башкаларды да шыктандырууда, колдоого алаарлык аракет... ж.б!!! 🙋‍♀️🙏🤲😘