сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3221   180
29.03.2020 Винный бар-бутик "У Француза"
Эуу! Мени эмне карайсың анча жалдырап оозуңду ачып дос? Үйдө дагы ушинтип сулууланып, кебет-кешпирди оңдоп жүрсөңөр кичине. Таззза эле чалчактап, балтактап, талтактап кетпей! Өзгөчө эркектерге кудай берип салды окшойт э? Эртең менен бети-башты өзүнө эмес, бирөөгө жууп берип жаткандай милдет менен жууп, тишти өзү үчүн эмес, тиги жумуштагы малышка менен сүйлөшүп калганда жыттанып калбасын деп жууп жаткан эркек ой бир кудай бербеспи деп жатат болуш керек азыр. Так ушул учурда майке, турсачан, курсак кеткен сакал беш күн болду кырылбаганына, бир колдо бульт, бир колдо сотке, жатканы диван, сүйлөгөнү Кытай менен Италия....Турчу э таарынычтын махабатындай болбой, и так тегеректин баары жарылайын деп араң турганда. ******* Бул фото коллажды менин жазылуучуларымдын бири жасап коюптур. Рахмат.
1186   119
29.03.2020 K\u0131rg\u0131zistan Bi\u015fkek
Түндө бул жактагы жана ФБдагы досторума илгеркидей ыйлаап индийский кино көргүм келип жатат сунуштагылачы деп кайрылсам.120 дан ашык кино сунушташты.Эми кайсы кинону көргөнүмдү айтпай эле коёюн.🤗🤗 Бирок бир кино көрдүм.👍Бир жатып алып да ыйлаап 😢, көзүмдү ачып алып да, жумуп алып да, ыйлап😭 Бир отуруп алып сооронуп🤭 Бир туруп алып каткырып 😁😁, Кайра эстеп алып,уктап баратып кайра ыйлап, сооронуп,каткырып аябай шишип калыпмын.🤭🤭 Кыйратып салгансып чачымдан жок да,🙄🙄 Күзгүдөн карасам көзүм кайда,мурдум кайда билинбей да калыптыр.😁😁😁 Кыскасы сиздердин сунуштарга большой ыспасиба. Я сегодя как свежий огурчик дегендей🙏🙏 Эми кайра барып чай ичейин 🤭🤭🤭 Мен сиздерди жакшы көрөм 🤗.#2020💥💥💥🎶🎵🎼#жакшысөзжанэргитет😍#жакындажаңыыр💫✨🌟🎶🎵 #ырдесте🎵🎶🎼 #ырдуйно🤗 #мынаминтип💃 #кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬 #кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
6368   158
29.03.2020
КАНТТИ ЭКЕН? Мындан көп кылым мурда жашап өткөн Асан кайгы деген атактуу акын, ойчул, даанышман бабабыздын атына бекер жерден “кайгы” деген сөз кошулуп айтылбаптыр. Анткени, ал азиз адамзаты мындай турсун кулан, коён, чымчык, бөкөн, кийик, каз-өрдөк, таш бака, ал тургай пайдасынан зыяны көп чаян, чымын, жылан, доңуз сыяктуу айбанаттардын да көргөн күнүн, туш болгон кыйынчылыгын ойлоп, жай алып жата албай кайгыга батчу тура. Жайдын күнү катуу мөндүр жаап, капилет ызгаар суук түшүп, суулар тоңуп, жерди муз каптаганда: Куйругу жок, жалы жок, Кулан байкуш кантти экен? Чымчып алар жүнү жок, Чыңырарга үнү жок, Боорунда буту жок, Жылан байкуш кантти экен? Баш калкалар үйү жок, Пааналаган жери жок, Курт-кумурска кантти экен? Уясын кар баскан чыгар, Шору таштай каткан чыгар, Муздап карга жаткан чыгар, Чымчык байкуш кантти экен? – деп жан бүткөндүн баары үчүн кыжалатчылыкка түшүптүр, кайран киши. Биз бул башкача мээримдүү, камкор, жүрөгү назик бабабызчалык сойлогон, жорткон, учкандын баарын ойлобосок да, азыркы өзгөчө кырдаалда биз үчүн алтын башын, асыл жанын тобокелге салып, кажыр-кайрат менен тынбастан иштеп жаткандарды аяп, артынан жакшы дубаларды кылалык. Карантин себеп болуп бардыгыбыз үйлөрүбүздө, жакындарыбыздын маңдай-кашында бейкапар отурганыбызда, байкуш дарыгерлер, милициялар, өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери, аскерлер ж.б. калкты кара тумандай каптаган эпидемия коркунучун колкодон алып, күн-түн дебей эл аралап эмгек үстүндө. Коомдук транспорт токтогондуктан, алар жумушуна кантип барып-келип жатат болду экен? Кафе-ресторандар, ашканалар жабык. Анда, курсактары ачканда кайда шам-шум этишүүдө? Жаз жарымына жакындаса да суук сурданып кетпей турат. Үшүгөндө эмне кылып жылынып жатышат? *** Кир десе үйгө кирбеген, Кир дегенди тилдеген. Карантиндин тартибин, Кулак көзгө илбеген. Керек болсо көчөдө, Беткап, колкап кийбеген. Эрке элди жөнгө салам деп, Милиция байкуш кантти экен? Вирустан баары качканда, Бекинип үйдө жатканда. Белин бууп, жеңин түрүнүп, Бел болуп бейтаптарга. Вирус менен кармашкан, Коркунуч менен арбашкан. Атасы качкан жолобой, Оорулууну жандашкан. Дарттууларга кам көрүп, Дары, жайын камдашкан, Дарыгерлер кантти экен? ⬇⬇⬇
Загрузка...
636   0
29.03.2020
💐Өмүр аңгеме сыяктуу. Кеп анын узундугунда эмес, эң кызыктуу жашалгандыгында. ⠀ 💐Унчукпай таба тургандарыңа сөздөрүңдү коротпо. ⠀ 💐Адамдын эң эле акмагы, бардык иштен кынтык издей бергени. ⠀ 💐Ашказан аркылуу сүйүүдөн, кулак аркылуу сүйгөндүн сүйүүсү күчтүүрөөк кылат. ⠀ 💐Сүйгөнүң ырга айланганда, сен акын боло баштайсың. ⠀ 💐Бакыт изде, байлык изде, дос изде. Бирок эч качан бирөөнүн кемчилигин издебе. ⠀ 💐 Пенде көбүнчө бакытка бир кадам калганда, бүттү, сабырым түгөндү дейт. ⠀ 💐Сага жылмайып карап турган адамда эмне деген гана сырлар жатат. ⠀ 💐Акылдуу адам түшүнгөн нерселерин айта бербейт. Бирок айткан нерселерин түшүнөт. ⠀ 💐Же өзүңдү тандайсың же өзгөлөрдү. Өзгөлөрдү тандасаң, тагдыр өзгөлөргө сени тандатып койот. ⠀ 💐Эч философиянын кереги жок: сүйсөң сүйүлөсүң, сөксөң сөгүлөсүң, өлтүрсөң өлтүрүлөсүң. ⠀ 💐Убактылуу азгырыктарга ийилем деп, чыныгы махабатыңа аркаңды салып алба. ⠀ 💐Эң оор сөз: сен мага убада бердиң эле го... ⠀ 💐Сени жаман көргөндөрдөн, жакшы көргөндөр көп болсо демек туура жашап жаткандагың. ⠀ 💐 Китепти кармап окубайт, тандап окуйт. ⠀ 💐Ар бир күлгөн адам эле бактылуу болбогондой, ар бир ыйлаган адам күчсүз эмес. ⠀ 💐Бирөөнүн таарынычын көтөрүп жүргөндөн оор жүк жок. ⠀ 💐 Көңүл баркын билбегенге, өмүр гүлүн аманат бербе. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
191   6
29.03.2020
Друзья, давайте объединимся в этот нелёгкий час и сделаем доброе дело! Мы призываем всех принять участие в сборе средств для оказания поддержки нуждающимся (покупка продуктов питания и средств первой необходимости). Для этого вы можете перечислить деньги на указанные ниже реквизиты или передать через наших ребят: @nursultan_mainazarov @ryskulbekov @kubat_kubanychbekov ⠀ Мы несём всю ответственность за перечисленные средства и обещаем выкладывать отчеты о всех поступлениях и их реализации. За помощь в организации благодарим фонд @elimbarsynby_official. ⠀ Перевести деньги можно: 1️⃣ на банковский счёт Фонд: ОБФ «Элим,барсыңбы?!» КР, г. Бишкек, ул. Исакеева 18/3 Расчетный счет: 1091620099650110 БИК 109016 ИНН: 01410200810043 ОКПО 25925621 Юр.адрес: КР, г.Бишкек, мкр-н Тунгуч, ул.Исакеева 18/3 Код налоговой 003 ⠀ 2️⃣ безналичный расчёт: ЭЛСОМ — 0770 00 40 44 Баланс — 0770 00 40 44 М-банк — 0770 00 4044 О деньги — 0770 00 40 44 ⠀ 3️⃣наличные или другие продукты могут приехать и забрать Нурсултан Майназаров, Эркин Рыскулбеков или Кубат Кубанычбеков. ⠀ Поможем вместе! 💫💫💫💫💫💫💫💫 Достор, өлкөдө оор абал болуп турган учурда үйүндө азык-түлүгү жок отурган мекендештерге жардам берели. Каражатты төмөндөгү реквизиттер аркылуу которо аласыздар: 1⃣ «ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ» ККФ банк эсеби. КР, г. Бишкек, ул. Исакеева 18/3 Расчетный счет: 1091620099650110 БИК 109016 ИНН: 01410200810043 ОКПО 25925621 Юр.адрес: КР, г.Бишкек, мкр-н Тунгуч, ул.Исакеева 18/3 Код налоговой 003 ⠀ 2⃣ электрондук капчыктар: ЭЛСОМ — 0770 00 40 44 Баланс — 0770 00 40 44 М-банк — 0770 00 4044 О деньги — 0770 00 40 44 ⠀ 3⃣ акчалай же башка жардамыңарды (азык түлүк, даары-дармек ж.б) Нурсултан Майназаров, Эркин Рыскулбеков же Кубат Кубанычбеков келип алып кетишет. ⠀ Чогулган каражаттардын ачык жана калыс муктаждарга жеткирилишине “ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ” фонду жана уюштуруучу топ толук кепилдик берет. Жардам берели, биригели! #БАРБЫЗ