сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
329   37
28.03.2020
Карантин болгонуна карабастан, комуз чертип ырдаганды уйронот элем дегендердин каттары толуп кетти. 📃📧🎶 Ойлонуп олтуруп онлайн окутууга окуучуларды жазып баштадым. 📜💰 Эн жакшы жери бир адамга толоп коюп, уйдогулордун баары уйронуп алышат☝️Андыктан, бала-чаканыз менен комуз уйронунуз. Каатчылыкка байланыштуу айына 3000 сом, элсом аркылуу толонот (0709503553) Каалаган 10 ырды чертип ырдаганды уйронушот, ушул 1 ай аралыгында. Уйротуу жолу эн оной. Воцапп аркылуу уйротуп коём. Балким ар дайым эле ушундай окутууну улантам. Себеби, убакыт сааты жазылган боюнча окутчу жайга барам атайын убакыт болуп. Тыйынын толоп коюшуп, айтпай-дебей келбей койгон шалаакы окуучулар четтен чыгат.(кобунчо бизден улуу эже-байкелер) Жинин келет. Анткени, 1 саат индивидуальный сабак ошол эле окуучуга отулмок. Усту-устуно жанды койбой программаларды жаздырып кетишет, жатташпайт. Муну менен эч майнап чыкпайт. Ал эми тескерисинче, коз ачып-жумганча жаттап, дагы муну-тигини уйроном деп демиткендер да коп. Алар учун кубанычтамын. #уйдожатыпбилималыныз #курскомуза #умутайабдышова #курсы #онлайнкурсы
Загрузка...
2465   53
28.03.2020
КЕЧИР БИЗДИ ЖАЙ ТУРМУШ Эртең менен балдар кетип сабакка, Кайра түштө келип калган шаң турмуш. Бир заматта көздөн учуп көрүнбөй, Кайда кеттиң кагылайын жай турмуш. Сыйга сый деп, сыр аякка бал дебей, Жабыркатып таарынттыкпы шай турмуш? Санаа менен сагынычка калтырып, Кайдасың сен баасы кымбат жай турмуш? Эси жок эл, жарашпады дедиңби? Эсебинен кесири көп бай турмуш. Эшикке чыкпай, эсте мени дедиңби? Эркиндиктин кымбаттыгын жай турмуш. Байлык, бийлик, дөөлөт, ырыс көтөрбөй, Бар турса да жок дедикпи бар турмуш? Дардаңдабай даражамды билгин деп, Зарыктырып жашындыңбы жай турмуш? Адамдыктан жамандыкты көп жасап, Жүрөгүңдү ооруттукпу шар турмуш? Мен, сен, ал, биз, Аалам, Дүйнө, Жараткан, Биригели! Бизди КЕЧИР жай турмуш. Кечээки эле жаркыраган үмүттөр, Бүгүн калды бүдөмүктөп тар турмуш. Жалынайын,жалдырайын өзүңө, Жайга жетпей кайтып келчи ЖАЙ ТУРМУШ. Автор :Майрам Сарыбаева 2020-жыл 27-март түнкү саат 3:00