сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7560   415
28.03.2020
Баарыбыз артиспиз. Коомго ойногонду, калп күлгөндү, жагынганды, түрлөнүп, кубулуп турганды турмуш бизге сонун үйрөттү. Ички дүйнөбүздү кой, ал тургай сырткы көрүнүш да жасалма! Жашаганыбыз да , сезимибиз да жасалма! Сүйбөй туруп, сүйгөндөй түр көргөзүп, жакпай атса, айла жок жактырып, сүйүп өлүп атсак да зымырайып, билгизбей, каалап атсак да, каалабай, каалабай жатсак, кааламыш болуп, деги койчу, кайсы бирин айтайын? Ал нерсеге ушундай көнүп алып, чыныгы сезимди чыгарышты уят көрөбүз. Кайран гана жан дүйнө! Калпыбызга чыдай берип, кыйналдың го, ээ? Чарчап кеттим. Жалгандан, калптан, жасакерликтен, жасалмалуулуктан... Бала кезден баштап, акыл - эс киргенден тарта ойной баштайт экенбиз. Момпосуйга жетиш үчүн, ата - энебизге жагыш үчүн , алардын көңүлүн оорутпаш үчүн башталат алгачкы кадамдар. Анан кантип кубулма болуп кеткениңди түшүнбөй калат экенсиң." Мен андай эмесмин" дейсиңер алгач. Бирок терең кирип көрүңүз ички сезимиңизге жашооңуздун канча пайызын башкаларга жагыш үчүн, канча пайызын өзүңдүн көңүлүңө жагыш үчүн жасадың? Коркобуз чыныгы жүзүбүздү, каалообузду көргөзгөндөн. Башкага жакпай калсак кантебиз дейбиз да. Чынчыл болгум келди. Боегу жок жүзүмдү, боегу жок жан дүйнөмдү көргүлөчү! Жан дүйнөм жылаңачтансын! Өзөгүн көр. Бирок ал нерсе сага жагабы, жакпайбы мындан ары ишим болбойт деп чечтим. Мага жакты! Чыныгы Назира жакты! Калп айтпаган, публикага ойнобогон, жакшы же жаман көрүнөм дебеген, өзүн сүйгөн, кабыл алган Назира жакты. Сулуу көрүнөсүңбү, түрү суук көрүнөсүңбү, жакшы кийим киесиңби, жаман кийим киесиңби, кедейсиңби , байсыңбы мааниси жок. Болгонуңдай көрүн. Көрүнгөнүңдөй бол! Коркпо! #жөнэлеойлор
3590   188
28.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Азыркы тапта дүйнөөнүн булуң бурчунан пандемиянын айынан мекенге келе албай жаткан биздин мекендештерге сабр,күч кубат тилейм. Мамлекет сиздерди таштап койбойт деп ишенем. Америка,Турция,Корея,Таиланд,Вьетнам өлкөлөрүнөн Россия аркылуу учуп келе албай, транзиттик зонада калып кеткен мекендештер Баракчама аябай көп жазып жатышат. Бул сүрөттү аэропортто менда калып кеткенде,тартып коюшуптур. Аэропортто жоопсуз күткөн оор. Көпчүлүгүңүздөр келбей турсун,тура турсун деп жазып жатасыздар. Бирок ушул мекендештердин ордуна өзүңүздү коюп көрүңүздөр. Ар биринин үйүндө жакындары мүнөт санап,сарсанаа болуп, эртереек келип калса экен деген ниет менен күтүп жатышат. Ошондуктан негатив жазбай жакшы ниет жарым ырыс дегендей "Эсен аман келип алуусун ниет кылып Кудайдан тилейли 🤲. Уча албай жаткан мекендештер азыр эки гана жерде бар экен, Москвада жана Новосибирск шаарында. Мамлекет чартер уюштуруп эсен аман алып келип алышын суранат элем.🤲🙏 Азаттык менен күндө жазышып,аларга билген маалыматтарымды берип, жакында алардын кореспонденти болот окшойм же элдик журналист болгону калдым!
Загрузка...