сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
582   35
22.03.2020
Азыр үйдө отуруу – биздин өлкөгө келтире турган эң чоң жардамыбыз болуп турат. Ооба, иштеп, басып-туруп ж.б көнгөнбүз. Кыйын. Зеригебиз. Мен Сиздерге отуруп, отуруудан да пайда табуу кеңешимди сунуштайм... ____________________________________________ Отуруунун он пайдасы: 1. Отуруп – ооруну жеңебиз! Зарыл же чукул ишиңиз болбосо өзүңүз менен кошо өзгөнү да коркунучка кептебей үйдө отуруңуз. ___________________________________________ 2. Отуруп – ойлонуңуз! “Мен киммин, кандай адаммын?” деген суроонун алкагында да ойлонуп койгон жакшы жыйынтык берет. Анткени өзүбүздү алдабайбыз. ___________________________________________ 3. Отуруп – окуңуз. Окуу мээни өстүрөт, иштетет. Китепти окуп жатып ошол дүйнөгө кеткенге аракет кылып, зеригүүнү жеңип чыгыңыз. __________________________________________ 4. Отуруп – оозуңузду көнүктүрүңүз! Ооз, же эриндердин иштешин да калыптандырып туруу керек. Жагымсыз жыт да пайда болбойт. ___________________________________________ 5. Отуруп – ойноңуз! Ооба, жалгыз болсоңуз кроссворд өңдүү баш катырмалар менен алаксыңыз. Бала-чакалуу болсоңуз балдарыңыз менен ойноңуз, аларды “тааныңыз”! ___________________________________________ 6. Отуруп – оңолуңуз! Ою оңолгондун өзү оңолот. Негатив маалыматтардан алыс болуп, аларды таратпаңыз. Өзгөчө оору күндөрү. ___________________________________________ 7. Отуруп – “ооруңуз”! Адамзат маселесинин алкагында “ооруңуз”. Жаратылыш менен “ооруңуз”. Жакшы адат менен “ооруңуз”. Бирөөгө жардам берүү адаты менен “ооруңуз”! ___________________________________________ 8 Отуруп – окшошуңуз! Жакшы адамдарга, боорукер адамдарга окшош болууга далалат кылыңыз! Аларга окшошуу менен өзүбүзгө да окшошконду кыялданган чөйрөнү таба алабыз. ___________________________________________ 9. Отуруп – ордуңузду табыңыз! Үйдө отуруп калгандан кийин ошол үйдө ордуңуз канчалык экенинен кабар аласыз. Ордуңузду бийиктетүү аракетинде болуңуз. __________________________________________ 10. Отуруп – оң колдун ачуусун сол кол менен басалы! Отура берип бирине жагасыз, башкасынын кыжырын келтиребиз. Айрым адамдар өтө эле майдачыл болуп, асыла берет. Мындайда ачууну жеңе билели! ООРУБАҢЫЗ!!! 🙏🙏🙏🤲🤲🤲☺️
Загрузка...
3433   561
22.03.2020 Пиляндыш
Иттин көтүнө кат... **** Кыргыздын кээ бир ырым-жырымына таң калмак турсун, оозуң жабылбай калат. Ыраматылык апам тилиме тибиртке чыкты десем, бул сөздү беш жолу кайталатып, айткан сайын беш башка жаныбардын көчүгүнө эмес, так гана көтүнө каттырчы эле. Анан аягында - "Тьфу, тьфу кайран тилим бок болду, тибирткеси жок болду" деп койчу элек. Болду, ошо менен тилиң дагы таза, башың дагы оорубайт. ***** Менин эле апам ошентеби десем, баары эле ошентчи экен. Дагы эле кездештирип жүрөм ошондойду. А чоңойгондо бул салтты өзгөчө айрымдарыбыз буквально түшүнүп алат экенбиз да кашайып адашып барып адамдын деле көчүгүнө катып ийет экенбиз кайран тилибизди. Ошондуктан достор былжыраган комментарийлерге көңүл бурбай эле коюш керек, биз ар кимдин көтүнө катып жүрүп бок эмес, чирип калган тилибиз менен кайсы жакшы сөз кыйратып айтмак элек. Иши кылса тилдин тамтыгы чыгып бүттү чорттуку десе, кой андан көрө уктайлы. ***** Бейпил түн, достор!