сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
2476   60
07.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Карантин башталгандан тартып @ozgon_onorpozdoru_official «Апам жана мен» ыктыярдуу тобу оз жардамын муктаждарга берип келе жатышат. @altynai_narbaevaofficial эжекебиз баш болгон @t_sagynbaev_official , @sagyn_ergeshov_ канат болгон топко бир гана алкыш создор татыйт!!! Бугун болсо «Апам жана Мен»дин эн чон уулу @ernis_borubaev_official мына ушундай сыйлык менен сыйланды! Эн эле татыктуу кадам дем ойлойм! Анткени озунуздор байкагандай эле @ernis_borubaev_official агабыздын инста баракчасы озунчо эле социалдык тематикадагы теле-передачага эле айланып калгандай! Ар кандай тагдырларды чагылдырып, жардам корсотуп , аны коруп башкалар да колдон келген жардамдарын (телевизор , холодильник, акчалай, продукты) жеткиришип жатышты! Баракелде!!! Адам менен адамбыз деген ушул болсо керек! Элибиздин бычакка сап уулдары, кыздары кобойо берсин , ылайым! @ernis_borubaev_official сыйлык кут болсун !!!
Загрузка...
2472   29
18.05.2020
30 күндө 30 сабак 23-күн БАЙ жана УСТА Баягыда колу гүл устага колунда бар БАЙ киши бир кооз үй салдырат экен. Эмгегин аяктаган УСТА байдын келип үйдү кабыл алуусун суранат. Үйдүн абдан кооз, кыялындагыдай салганына ыраазы болуп, уста менен маектешип сыртка чыгат. Бай киши, эмгек акысын күтүп турган устага: - мобул үйдүн каршысында турган бош жерге дал ушул үйдүн шеригин сал, анан сүйлөшөбүз" - деп кетип калды. Акчасын ала албаган уста айла жоктун айынан экинчи үйдү баштайт. Үй бүткөнгө чейин: "ушунча үйү бар, бул үйдү эмне кылат, башына тартабы?" - деп, байдын акылы жетпеген жана көрбөгөн жерлерин эптемей кылып, арзан материалдар менен бүтүрүп салат. Экинчи үйдү бүтүрүп, аягына чыгарып байды чакырат. Келген бай экинчи үйдү биринчи үй менен салыштырып, таң кала тиктеп айланып чыгат. Уста болсо, кемчилигин сезбей калса экен-дегендей ой менен үн катпай артыраакта басып бараткан. Бир убакта сыртка чыгып: -устам, колуң дард көрбөсүн. Абдан сонун иш жасадың. Экинчи үйдү каршылык кылбай жасаганыңа да абдан ыраазы болдум. Чынында бул үйгө муктаждыгым жок. Мен аны сендей колу гүл уста менен коңшу болгум келип жасаттым. Ачкычын ал, бул менден сага белек болсун-деп айтат. Ачкычын колуна алган уста үн катпай катып калат. Тилинде рахмат айтып, көзүндө кубанычын билдирген менен ичинде өзөгүн өрттөгөн жалгыз бир ой: "эгерде мен экинчи үйдү өзүм үчүн салып жатканымды билгенимде, биринчиден да кымбат материалдарды колдонмокмун, каап"... Достор, жогорудагы окуядан ала турган сабак чоң. Биз да бул дүйнөдө убактынчалык калуучу үйүбүз менен алаксып, акыретте бара турган үйүбүздү унутуп калбайлы. Ал үйүбүз Аллахтын колдоосу менен буюрса орозо кармагандар үчүн убада кылынган РАЙЯН эшигинен кирип, ФИРДАВСТЫН төртүндө болсун иншаллах. Идрис акын