сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
2469   156
01.04.2020
ЖАНЫМ АПААМ!ЫЙЫГЫМ МЕНИН...💐💋❤️Апамды аяйм. Кундор откон сайын чачын бубак басып, бетине тарам- тарам издер тушуудо. Кээде журогумдогу, жашоомдогу болуп жаткан уйгу -туйгу нерселерди, бугумду, баарын апама айтып берип женилдегим келет. Анткени апам гана мени тушунот. Кайра туруп мендеги негативдерди апама оодарып жук кылып койгум келбей аяйм. Дайыма жакшы нерселерди гана айткым келет. Копко сырдашам. Кээде апамды тиктеп алып ойлорго да чомулом. Апам да апасын сагынып сырдашкысы келет чыгар, кыз болуп апасына коп нерсени айтып берип суйлошкусу келет чыгар деп да кетем. Тилегеним мен сиздей курака жеткенде сиз бар болунуз.🙏🏻🤲🏻Мээримдуу унунуз копко жанырып, асыл акылыныз менен тен болушуп жолубузду туздоп жаныбызда ата ордуна ата, апа ордуна апа болуп коп жашаныз.🤲🏻Туулган кунунуз менен АПА! 🎂💋Орноктуу омур жолунуз дайыма бизге улгу. Тизе бугуп таазим кылам сизге.🙏🏻🙏🏻🙏🏻
2469   156
17.02.2020
Элсом 0555 71 78 83 Каримова Чолпон: «Уулума санаа тартып жүрүп өзүм оорукчан болуп калбасам экен...» ____________ Адам болуп бул жашоого келген соң ким болбосун оору-сыркоосуз, бактылуу турмушта, узак өмүр жашагысы келет эмеспи. Бирок, тилекке каршы, Жараткан ар бир адамга жакшы да, жаман да тагдыр берип сынайт экен. Ал сыноого сынгандар да, ага каршы туруп жеңип чыккандар да жок эмес. Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы уулунун ден соолугун тилеп, сакайып кетишин күн санап күтүп жүргөн эне… ▶️«Бирөөнүн малын багып күн кечирип келебиз» Биз Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылынан болобуз. Кадимки эле карапайым кыргыз үй-бүлөлөрүнүн бирибиз. Өз үйүбүз жок болгондугуна байланыштуу бирөөнүн малын карап, ошолордун үйүндө жашап күн кечиребиз. Жолдошум дагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жүрөгү ооруйт. Ошол себептүү кара жумуштарга жарабайт. Бир аз оор жумуш кылса эле дем алуусу оорлошуп эчтеке кылууга жарабай калат. Ал эми ошол үйдө жашап, мал баккан акыбыз 7 миң сом. Ага балдарыбыздын кем-карчын, тамак-ашын белен алып, эч кимдин жардамына муктаж болчу эмеспиз. Жашоо-шартыбыз начар экенине карабай Кудайга шүгүр кылып жашап келгенбиз. 2018-жылы кичүү уулум Али төрөлгөн күн эң кубанычтуу дагы, бир чети бизди кайгыга салган дагы күн болду. Ал көтөн чучугу тубаса жок болуп төрөлдү. Буга себеп болчудай кош бойлуу кезимде эч кандай деле олуттуу оору менен ооруп көргөн жокмун. Улуу балдарымды кандай көтөрсөм, муну деле так ошолордой эле жакшынакай көтөргөм. Тамак-аштан деле кем болбой жашылча-жемиш, эт жеп жүрүп төрөдүм. Врачтардын жазып берген дары-витаминдерин үзбөй алып ичип жаттым. Анан кандайча ушундай абалда жарыкка келгенине таң калам. Организминде мындай мүчүлүштүгү бар адам кадимки адамдардай заңдай албайт. Көтөн чучугунда ийненин көзүндөй кичинекей бир жылчык бар, андан дайыма ириң агып турат. Негизи, балам төрөлгөндөн эки күндөн соң оорусу аныкталып, ошол замат операция жасалган. Мындай операцияда табигый жол менен заңдай албагандыктан, ичегинин бүткөн жерин курсак көңдөйү менен туташтырып, атайын тешикче чыгарылат экен. Ошол тешикче аркылуу гана заң чыгара алат. Бул медицинада колостома деп аталат. Мындай операцияны баштан өткөргөн бала д
Загрузка...