2260
05.02.2020
Рай на земле
Жашасын дотация! Дотациядан тарт колуңду депутат!
******
Искендер Исмаилович! Суранам, балээнин баарын баштабаңызчы! Азыр сизди туурап, шайлоо алдында упай топтойм деп башкалар дагы баштайт биздин айылга өкмөттөн дотация кереги жок ыйолкиники деп, анан балее блуп, көп адамдын жашоосунда трагедия болот. Эмне балээ болот? Азыр түшүндүрүп кетейин.
******
Бул дотация деген байкуш толтура адамды жыргатат! Минфинден акча айыл өкмөтүнө өз убагында, бюрократиясы жок, тиги-бу, кыйтың-пыйтыңы жок которулуш үчүн Минфиндеги бир-эки кишиге бирдеке бериш керек. 1) Алардын үй-бүлөсү отурат ошол дотацияда. 2) Антип- минтип айыл өкмөтүнүн эсебине жетип түшкүчөктү ушундай үй-бүлөнүн эки-үчөө жыргашат ооо дотация деп. 3) Анан айыл өкмөттө отургандар ал акчаны өз максатына жеткириш үчүн өз дотацияларын тендер-пендер деп жатып алышат. Бул дотациялардын көбү салт боюнча эркектер бөлүштүрөт эмеспи, анан алар нерв коротушат, укук коргоо органдары аңдып турат, риск деген бар! 4) Анан нервти жоюш үчүн ойноштор күндүр-түндүр иштешет. Ошентип дотациянын бир бөлүгү аларга кетет. Кээде ойноштор дагы жетишпей калат, нервтери катуу болуп кеткенде, айла жок саунага барыш керек болот, анча-мынча элитный сойкулардан жардам сурашат. Ал байкуштар боорукерлер, деле отказ кылышпайт, түнү бою иштеп чыгышат. 5) Алар дагы дотациянын үзүрүн көрүшөт. 6) Анан ал сойку, ойнош байкуштардын үй-бүлөсү, жигиттери деген болот, аларды багыш керек, кантсин байкуштар. Ошентип алар дагы дотациянын үзүрүн көрүшөт. Анан аягында укук коргоо органдары дегендер бар. Алар кармап калышса жакшы дечи, дотациянын басымдуу көпчүлүгү жакшы пайда кылып кетет. Бирок кармай албай калышса, ар-дайым эле ошентип кармай албай калышы үчүн дотация бөлүштүрүүчүлөр аларды дагы унутпай, бөлүшүп туруш керек. Антпесе кусур уруп кетет да. 7) Ошентип аларга дагы нуру тийет дотациянын. Анан аягы келип эсеп палатасы деген бар. Аларга дотациянын нуру тийип турбаса жиндери катуу катуу келип, терең терең казып ийиши мүмкүн. Ошондуктан дотациянын мээрими аларга дагы чачылып кетип турат. Бул 8-чи пункт.
******
Такшто Искендер Исмаилович, көп адамдын убалына калбаңызчы, тынч жашайлы.