сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
2254   56
11.05.2020
КАТТАРГА ЖООП Негизи мага "салам алейкум" деген каттар көп келет. Баарына алик алам, бирок баарына жооп жаза албайм. Жалпы каттардын эң зарыл суроо менен кайрылгандарына жооп бергенге аракет кылам. Ошондо да кээ бир суроолорго жооп тапкыча узап кетем. Билгиси келген адам кайра байланышат, жообун таап бергенге аракет кылам. ЭҢ ӨКҮНГӨНҮМ САЛАМГА жооп жазсаң, кандай анан, мени таныдыңбы..... ж.б.у.с. уланып кете берет.... Ушудан безип жооп жазбасаң: "Саламга алик албаган акмак, өзүнчө звезда" - деп чыккандары арбып баратат. Акмак болсом эмнеге бийликтен ылдыйга түштүң, алдыңа алгалай бер.... СҮЙЛӨШҮҮ АДЕБИНЕ, МАМИЛЕНИН МАДАНИЯТЫНА ДА КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК, ДОСТОР... Баракчаңыздан мобуну реклама кылып бериңиз - дегендерге, реклама кылынып жаткан нерсе менин окурмандарыма дал келсе чыгарам, дал келбесе капа болбонуздар. Анын үстүнө соцбаракчамды колдонууну анча эле биле бербейм, болгону акылым макал жазып чыгарууга жетип жатат... Негизи СОЦТАРМАКТАН кетким келет, бирок белгилүү окурмандардын сурануусу менен гана кирип турам... ЖАМАН КӨРӨКЕЙ ЖОК, ДОСТОР...
Загрузка...
2253  
22.11.2019
Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссияга “миллиарддык схеманынын” бетин ачууга коомчулукта таптакыр ишеним жок, ал жерде кызыкчылыктар кагылышы болоору турган иш. Менин сунушум, түзүлгөн комиссия “көз карандысыз” комиссия деп макамын өзгөртүп, анын курамына жарандык коом, оппозиция, эл ишенген калыс инсандар кошулуп, бажыга, акча ташууга тиешеси бар делген бардык жетекчилер, депутат, саясатчылар курамынан чыгарылсын! Мурда кийин бажыга, акча ташууга таптакыр тиешеси жок адамдар гана мүчө болсун! Ошондо гана бул окуяга акыйкат баа берилип, мындан аркы кара схема кан буугандай токтойт! Окуя биз ойлогондон да терең. Биздин угушубузча Саймати менен бир топ саясатчылар жакындан кызматташып келген, Кыргызстандан чыккан акчалар Саймати аркылуу Сирияга чейин жетип турган деген маалыматтар бар. Стамбулдагы башкы консул Сопоков Кыргызстанда бир нече ирет түрмөгө отуруп чыккан атактуу криминалдык төбөлдөрдүн биринин жакын досу! Иликтөөдө аты аталган чет элдик ишкерлер буга чейин Кыргызстанды башкарган кишилердин атынан чоң мечиттин курулушун каржылап, жеке учагы менен учуруп, керек болсо резиденциянын ичине кошумча резиденция куруп бергени тууралуу маалыматтарды да иликтөө ачыкташы зарыл! Бул иликтөө өз ара тирешкен саясий топтордун чырагына май тамызышы мүмкүн, бирок баарыбызда бир гана кызыкчылык болушу шарт-ким экендигине карабай коррупциялык схема түзгөн уурулар жазага тартылышы керек! Жарандык коомдун катышуусунда гана калыс чечим чыгып, мындан да терең схемалар ачылат деп ойлойм. А өкмөттү кетиргенден эмне пайда? Аларды күч блогу менен кошо чакыралы, баарына жооп берсин! #janarakaev