сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
2143   27
16.11.2019
Жол транспорт кырсыктарынын курмандыктарын эскерүүнүн бүткүл дүйнɵлүк күнү - 17-ноябрь 2019. Жылдын темасы - “Өмүр – машиненин бɵлүгү эмес”. Кыргызстан – мурункудай эле, жол транспорт кырсыктарынын жыйынтыгында ɵмүр менен кош айтышуулардын саны абдан жогору ɵлкɵ бойдон калууда. Ар жыл сайын 1000 чукул адам ɵмүрү менен кош айтышат, бул күн сайын дээрлик 3 адам ɵмүрү кыйылат дегенди билдирет. Бир эле ушул жылдын ичинде ɵлкɵнүн жолдорунда 68 жаш балдар (2018-ж. 69) жана 529 чоң адамдар (2018-ж. 484) ɵмүрлɵрү менен кош айтышкан. Алдын ала божомолдоолорго ылайык, жол транспорт кырсыктарына каршы ырааттуу чаралар кɵрүлбɵсɵ, 2030-жылга карата жол кырсыктары маанилүүлүгү боюнча адам ɵлүмүнүн себептеринин жетинчи катарына чыгышы мүмкүн. Кыргызстан үчүн жол транспорт кырсыктары кɵйгɵйү ɵтɵ актуалдуу болуп саналат. Темир Жумакадыров атындагы «Pro Lex» КФ жана КРнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Бүткүл Дүйнɵлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун, БУУӨПтүн жана ЮНИСЕФтин колдоо кɵрсɵтүүсү астында, Жол транспорт кырсыктарынын курмандыктарын эскерүүнүн Бүткүл дүйнɵлүк күнүнɵ арналган бир катар иш-чараларды ɵткɵрɵт. Бул жылы Жол транспорт кырсыктарынын курмандыктарын эскерүүнүн Бүткүл дүйнɵлүк күнүнүн темасы «“Өмүр – машиненин запастык бɵлүгү эмес” деп аталат. 16- ноябрда Бишкекте Манас проспектисинен Ала-Тоо аянтына чейин БУУнун ыктыярчыларынын, активисттердин жана Жогорку Кеңештин депутатынын катышуусунда жɵɵ жүрүш болду, ошондой эле бул күнгɵ арналган «Эрежелерди сактоо аркылуу – ɵмүрдү сактайбыз» акциясы ɵткɵрүлдү. Акциянын максаты – жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин сактоого шыктандыруу жана жүрүм-турумдун позитивдүү ɵзгɵрүүсүн кɵрсɵтүү. Маалымдама: • 2019-жылдын 9 айынын ичинде, айдоочулардын ичимдик ичкен мас абалында айдоолорунун айынан 200 ашык жол кырсыгы катталган жана 31 адам ɵмүрү менен кош айтышкан. • 2019-жылдын 9 айынын ичинде, айдоо тажрыйбасы 1 жылга жетпеген айдоочулардын айынан 500гɵ чукул жол кырсыгы катталган, бул айдоочулук күбɵлүктү этап менен берүүнү киргизүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилейт. • 2019-жылдын 9 айынын ичинде, Бишкек-Ош авто жолунда 494 жол транспорт кырсыгы катталган.
2143   93
21.04.2020
Элмирбек агабыздан айрылдык, 😢😭😥😥😥абдан соонун адам эле , жайдары жургон жан эле , жапжаш бойдон эки кызын энесиз атасыз жетим кылып , кыз уулдарын таштап кете берди, Ушундай кундо ажал келип башына оор кундо жаман болбодубу,жаткан жериниз жайлуу болсун кыздарына балдарына сабыр берсин, ———————————————————————————Ал 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Бир нече ырлардын автору, айтыштардын жеңүүчүсү болгон. Акын, КРдин Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жашында каза болду. Бул туурасында анын жакындары тастыктады. Ал 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Бир нече ырлардын автору, айтыштардын жеңүүчүсү болгон. Акын билим жолун Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда баштап, андан соң 2004-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн. Элмирбек Иманалиев белгилүү ырчылар аткарып жүргөн "Күттүм, күттүм", "Ак секет", "Булбулум", "Боздотпочу", "Аруузат", "Булбулум", "Балкыма" ырларынын обонун жараткан. Өзү жазган ырларында арман, муң бар экендигин жашырчу эмес. Элмирбек Иманалиев учурда жаш акындарга устаттык кылып келет. Ага 2016-жылы Эл артисти наамы берилген.
Загрузка...