сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
1401  
24.12.2019
Туулган күнүң менен Бакыбайым, жашоодо өзүңдөй бир тууган тапканыма абдан кубанам, мыкты адамдык сапатың менен ар бир таанышкан адамга жылуу пикир калтырган мыкты мүнөзүң бар. Бул да болсо жакшы ата эненин тарбиясын көрүп өскөнүңдүн далили, эч качан ооруба, азыр сен төрөлүп өскөн Аксынын эле эмес, алыскы Америкадагы мекендештердин, деги эле сени жакындан билип тааныгандардын бир туугандай сый урматына бөлөнгөн азаматысың. Кичи пейил мүнөзүң, адамга жугумдуу мамилең, бүгүн таанышкан адамды дагы бир туугандык дүйнөсүнө жетелеп кирет, ошо Бакытбай көп мактай бербейин анда, сени тапкан ата энеңе рахмат, сенин жана бир туугандарыңдын сый урматына бөлөнүшүп узак жашашсын, өзүң бекем ден соолукта болуп, тилек максаттарың орундалып кылым жаша, сендей мыктылар башкаларга үлгү көрсөтүш үчүн узак жашашы керек Бакыбай, калган куттук сөздөрүмдү жакында жаныңа барганда кымыз менен айтам, 😊 амандыкта дайым бар бол Бакыт баатыр!!! @onolbaevbaktybek
1401   104
07.03.2020
💐Аялдар көп сүйлөй турганчалык убакытын унчукпай өткөрсө, анда эркектер баардык бакытын колдон кетириптир дегендик. 💐Аялзатын менчелик түшүнгөн жан болбосо керек. Себеби мен да алар жөнүндө эч нерсе түшүнбөйм. 💐 Эң сүйүктүү аял-күйөөсүн багымдатка ойготкон аял. 💐Эң жаман эркек- аялын чапкан эркек. 💐Бир аялдын пикирин оңдойм десең, анын пикирин колдошуң керек. 💐Бейиште кезинде эле Обо энебиз, Адам атабыздын кабыргасын күндө санайт. Себебин сураса, Кудайым мага окшош дагы бирөөнү жаратып койбоду бекен деп кызганчу экен. 💐Аялдар бир нерсе болсо дароо ыйлап киришет. Кызыгы эч нерсе болбосо деле ыйлашат. 💐Аялды тепкенге бир гана курсагындагы наристенин акысы бар. 💐Аял баарысын кечирет. Бирок эч качан унутпайт. 💐Алла Таала даанышмандыкты, аялдын жүрөгүнө койгон. Анткени аялдын даанышмандыгынан чыккан жемиштери, мээрим менен сүйүүгө жуурулушкан. 💐Дүйнөнүн эң сулуу аялзаты турмушка чыккандан кийин катардагы эле жөнөкөй аялдардын ордун толуктайт. 💐Адаттагыдай эле, кызыксыз эркектин артында керемет бир аялзаты бар. 💐- Аялдар болбосо эркектер эмне болмок эле? -Кудай сактасын дефицит болмок, дефицит. 💐Асмандын жарымын аялдар көтөрүп жүрүшөт. 💐Аял сырдуу китеп сыяктуу. Эми окуп бүттүм десең жаңы барагы башталат. 💐Аялдар эркекке айта тургандарын көз менен айтышат. 💐Жеңилбес хандардын, баатырлардын аянычтуу жеңилүү ызаасынын автору аялдар болушкан. 💐Аялзаты энеге айланганда, андан күчтүү эч ким болбос. 💐Бир өлкөнү бир падыша башкарат. Падышаны болсо бир аял. 💐Эгер аялдар болбогондо, дүйнөдө акчанын эч бир баркы калбайт эле. 💐Аялга: 24 саат бою сени ойлодум десең, калган убакытта кимди ойлодуң дейт. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр