1379 23
11.06.2020
Карантин учурунда капыстан NUR SAYAKAT BILIM борбору менен байланышып калдым. Тил багытындагы курстарды уюштурат экен. Ошентип, өзүм дээрлик унутуп калган араб тилин кайрадан окуй баштадым. Мага жеке онлайн сабак өтүү үчүн Олжобай Ташполотов деген мыкты адисти дайындап беришти. Аралыктан болсо да сабакты аябай сонун түшүндүрүп, программаны бат-баттан өздөштүрө баштадык. Борбор кызматкерлеринин дилгирлиги, кичи пейил, ыкыластуу мамилеси жана ишине болгон жоопкерчиликтүүлүгү аябай купулума толду. Карантинге чейин кадыры артып, окуучулары батпай калгандыктан кенен кеңсе алып, жаңы жайга көчүшкөн экен. Анан карантин чыгып, окуучулар таркап, башкалар көргөн кыйынчылыкты бул борбор да баштан кечирип турган учуру. Ошого карабай кайрадан борборду ачып, окутууну башташып чоң эрдик жасашты. Башкасын билбейм, бирок АРАБ ТИЛИН үйрөнөм дегендерге ушул борборду сунуштайм. Жети жаштан баштап ким гана болбосун бул борборго кайрылып, окуп, АРАБ жана АНГЛИС тилдерин үйрөнүп, сертификат алып чыксаңыздар болот экен. Дареги: Юсуп Абдрахманов көчөсү 134, 1-кабат. Телефондору: +996 707‒17‒44‒72, +996 771‒15‒12‒54.
https://www.instagram.com/nsb.kg/
# NUR_SAYAKAT_BILIM