сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
1378   151
31.12.2019
Кутман кун УЛУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ!! Досторум жана замандаштарым!!!Сиздерге жыл аягында кичине болсо да жетишкен ийгиликтерибизди сиздер менен болушкум келди.2019-жыл мен учун ото жемиштуу жыл болду!!!Онорумду баалап,ун кошкон,кадырлап баалаган куйормандарыма,жалпы ЖУРТУБУЗГА,ЭЛИБИЗГЕ ыраазычылыгым билдирем!!!Талант --корунгонго берилбейт,эрингенге турбайт деп,мени менен ырдагым келет деген жаштарга,жанашып ырдап,суйундум..с.о@roza_alqozha"ОМУР".@mirbek_atabekov "Музыка--экообузду жолуктурсун".@nurjigit.moldoia@ishennazarov "Коштошуу буюрбай калса экен"@ulan_sydykov @rustamattokurov "Апакем".@daniyar_ermatov .Ушул жаш жигиттер менен ырдадым.Жаштын тилегин берет деп,коптогон ийгиликтерге жетиштик, сиздердин колдоонуздар менен!!!Жаштарга кен келечек каалайм,дуйнону багынткыла алтындарым!!!Жыл жыйынтыгында ЮТУБ каналынын ,СОЛО МЕДИА порталынын"МИЛЛИОНДУН ТАНДООСУ," "XXI-кылымдын жылдызы","ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ДУЭТИ","ЛЕГЕНДА ЫРЧЫ АЙЫМ"."МЫКТЫ ЫРЧЫ","МЫКТЫ ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ",ж.б.гезит,журналдардын дипломуна ээ болдук!!!Бул сыйлыктар сиздердики урматтуу,онорду баалаган УЛУУ КЫРГЫЗ ЭЛИБИЗ, куйормандарыбыз,замандаштарыбыз!!!Кудайыма мин мерте шугур бизге онор берип,сыноого койгонуна!!!,ЭЛИБИЗГЕ терен таазим,кадырлап, барктаганыныздарга!!!!Биз,сиздер учун ырдап,изденебиз,ЭЛИБИЗДИ данктап,жерибизди мактап,анан ар бир инсандын жан дуйносунун,суйунучун,азабын,туйшугун ,арзуу,суйуусун чагылдырып,ырга салып,обон созуу....кандай бакыт!!! Жаны жылыбыз да жемиштуу жылдардан болсун!!!Тынчтык,ынтымак,биримдик,ийгиликтин жылы болсун!!!Ушинтип,ЭЛ алдында,башты бийик которуп,тике карап,эмгегибиздин отчетун берууго жеткирсин.Рахмаат.😊🎼🎵🎶🎙⛳
1377   36
09.03.2020
💐Кудай сени эркин жараткан соң, башканын кулу болбо. ⠀ 💐Жараткан насип кылбай турган нерселерин кыялданттырбайт. ⠀ 💐Караңгы жердин алдындагы кумурскаларга ырыскы берген Зат, сени унутуп коймок беле... ⠀ 💐Сүйүү ушунчалык жакшы болгон соң, сүйүүнү жараткан Зат кандай болду экен... ⠀ 💐Сенин жалбарган дубаларың тагдырыңды өзгөртөт. Бирок ошол дагы тагдыр экенин билишибиз керек. ⠀ 💐Чыныгы дүйнөдө асыл жандарды эмнелер күтүп жатканы бир аз эле көргөзүлгөндө, баары өлө береличи деп суранышмак. ⠀ 💐Билимдүү адам көңүлдөрдүн ичине гүл өстүргөнү чуркайт. Билимсиз болсо көңүл айланасын таш менен курчайт. ⠀ 💐Ким экениң кимдерге ашык экениңден билинет. ⠀ 💐Баардыгы сатат. Ал түгүл ээрчип жүргөн көлөкөң дагы караңгылык түшкөндө жок болот. Бир гана Жараткан түбөлүктүү досуң экенин унутпа. ⠀ 💐Канчалык Кудайга каршы сүйлө, Күндү батыштан чыгара албайсың. ⠀ 💐Өлбөй койо албай турган пенде, өлүмдү жараткан Кудайдан кемчилик издеген бактысыз бечара. ⠀ 💐Тишти ооруткан курттар, адамдын денесин сыртынан көрө албагандай эле, кымындай жерде жашаган адам, баардык ааламдын жаратуучусун көрүүгө мүмкүнбү... ⠀ 💐Эң жаман адам кылбаганды кылып, жыргап жүрүп эле көз жумду. Жазасын ким берет? Эң сонун адам бардык жүрөктөрдү сүйүнтүп, өзү жыргабай жүрүп көз жумду. Сыйлыгын ким берет? Акыйкаттын таразасы кайсы жерде күтүп турганын түшүнгөндүрсүң. ⠀ 💐 Кейибегин, бүгүнкү тарткан кыйынчылыктарың, эртеңки келчү бакытыңдын сүйүнчүсү. ⠀ 💐Сүйүүң болбосо дос издебе. ⠀ 💐Бирин сүйсөңүз, Жараткандан сураңыз. Себеби бардык жүрөктөрдүн ачкычы анын колунда. ⠀ 💐 Кудайым деп жүрүп баарын жоготтум, бирок өзүмдү таптым. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр