сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
876   16
08.03.2020
Мамам ❤❤❤ Майрамыныз менен,мен сизди суйом!!!❤❤❤ Апалар,эжелер,жалпы айымдар майрамыбыз менен!🤗🤗🤗💃 Ар бириниздерге айымдык бакыт каалайм!🙏❤ ____________________________________________ Менин командам #soorovproduction менин мырзаларым @zarlyk_kambaraliev @altynbeksoorov тунку 12де биринчилерден болуп куттукташты 😊🙈❤ куткон эмесмин,аябай жагымдуу болду 🙈😘 айта кетчу нерсе,мырзаларымдан эн башкы белек """"убакыттын чеги жок,канча """жыл""" кааласам ошончо ырды бекер жаздырууга 💎БЕЗЛИМИТ💎 белеке алдым!!!!! Йеееееее😅💃💃🙈🙈🙈 Мындай белек алып кордунор беле???????😂😂😂😂 Мындай белекти жакын деп эсептеген гана адамдар берет деп ойлойм 🙈❤ Эми студияны башыма кийип алсам таарынбайсынар @altynbeksoorov @zarlyk_kambaraliev 😂😂🙊 тамаша,чон рахмат силерге 🙏😘 мындай белек куткон эмесмин 🙈❤ Эн башкысы,командабыз урабай,койгон максаттардын баарына "чоогу" жетели 🙏🙏🙏 Мен силерди жакшы кором. 🙏😘❤ #менинкомандам #soorovproduction #вместемысила 💪 #спраздником8марта #АйганышАбдиева🎤
Загрузка...
874   64
17.03.2020
💐Билесиңби, сен жөнүндө ойлонгонумда, бул дүйнө мага бир тыйынга да арзыбай калат. Сен бул өмүрдө да, тиги дүйнөдө дагы бактылуу болсоң болду дейм. ⠀ 💐Бир Кудайдан башка эч ким билбейт. Сен жөнүндө бүк түшүп кыйналганымды, көз жашымды агызганымды. Жараткандын эшигин такылдатып өзүмө эмес, сага бер деп жалбарганымды. ⠀ 💐Эч кимге көрсөтпөй сүрөтүңдү алып, улам өзгөрүп баратканыңды көрүп, колумдан эч нерсе келбесин билсем да санааларга батканымды. ⠀ 💐Бир жолу кышкы суукта сыртка чыксам, артымдан бир жылуулук келип жатты. Күндүн нуру го деп этибарга албай, бурула калсам сен турупсуң жылмайып. Көрсө сенин жылмайып турган мээримиңдин алдында Күндүн жылуулугун кеп кылып кереги жок тура. ⠀ 💐Менин мүнөзүм ушундай экен. Баарын ичиме сактап, сыртыман сүйүүмдү ачык билдире албай жүрө берем. Бирок менин сүйүүм чексиз экенин билесиң. Кучактап жыттаганымда бир керемет ааламга түшүп калгандаймын. ⠀ 💐Турмуш биз ойлогондой болбойт тура. Эл айткандай көр оокат деп жүрүп көп учурда алыстап кетем. Дайыма жаныма ээрчитип жүрө албайт экемин. Бирок жүрөгүмдүн төрүндө жүрөгүңдү бөпөлөп алып жүрөм. ⠀ 💐Жатып алып кыялданам десең. Бейиште чогуу жүргөнүбүздү. Жапжашсың, супсулуусуң. Дагы эле эркелеп сүйүнүп алгам. Кайра жаздыкта ойлорго чөмүлүп жатканымды билгенде, күбүрөнөм: Кудайым кыялдарымды дуба катары кабыл кыла көр деп. ⠀ 💐Узун өмүр каалайм, ден-соолук тилейм. Бирок бул айткандарым жетишсиздей эле сезилет. Сүйүүм балга айланса татып көрүп билер элең. Махабатым гүлдөй кулпунса жыттап алып сүйүнөт болчусуң. Бирок менин арзуумдан дагы, сенин мага деген ашыктыгың чеги жок жогору турарын билем. ⠀ 💐Мендей акылсызды кечир. Бир чындык бар. Баардык мен тапкан кубанычтар, бактылуулуктар сенин сүйүүң аркылуу келди. Сенин мага айткан бир сөзүң эле, менин деңиздерди жарып өтүп, тоолорду ашып баарын багынтканга жетет. Анткени ал сөздү сенден башка эч ким эч качан айтпайт. Кашымда аман жүр жаным апакем... ⠀ Жеңишбек Жумакадыр