сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
606  
12.12.2019
Бир жигит сулуу кызды ушунчалык катуу сүйүп калып, ага баш кошуп өмүрлүк жар болуусун айтат. Кыз болсо жигитти сынап, бир гана шарт менен макул экенин түшүндүрөт. Эгер мага үйлөнгүң келсе, анда апаңдын жүрөгүн алып келип бер дейт. Жигит бул сунушка таңгалып бир чети ачуусу келип бирок ашыктыктын айынан кызга жок дей албай терең ойго батыптыр. Уктай албай кыйналып күндөр өтөт. Бир күнү сырттан түш ченде үйгө кирип, уктап жаткан энесин көрөт да, жанына барып бир убакытка чейин карап отурат. Энесинин бырыш баскан жүзүн көрүп, карыды, ичер суусу түгөнөрүнө ансыз деле аз калды. Андан көрө жүрөгүн сууруп ашыгыма үйлөнөйүн деп шайтан салган пикирге баш ийет. Уктап жаткан апасынын жүрөгүн сууруп алып кызды көз алдына элестетип сүйүнгөн бойдон сыртка жүгүрөт. Босогого чалынып жыгылып колундагы энесинин жүрөгү ыргып кетет. Жигит ооруган бутун басып башын көтөрүп жүрөктү караса, жүрөктүн толтоосунун бир жагынан сүт, бир жагынан жаш агып үн чыккан экен: -Кагылайын балам бир жериң ооруп калган жокпу?
Загрузка...
606     9115
08.02.2020
‐-‐------‐-------------------------------------------------- Чырай жүзүң, мүмкүн, түшүм эледир, Мүмкүн, сени Кудай өзү бергендир, Аалам жүзү сенден бүткөн өңдөнүп, Сен деп гана жашам келем негедир. Баталгага баш сайылган күндө да Сени гана көргүм келет негедир Койнумдагы сагынычым тарабай, Сени гана эңсеп келем негедир. #кайырма #припев Көзүң жарган аппак таң, Арзууларын узаткан, Шүүдүрүмдүн тамчысы Жүрөгүмдү суусаткан Соолуп кетсем кимде айып? Тамырыман куураткан Тамчысынан сүйүүнүн  Чайыналы булактан. Чырай жүздүү, мүмкүн, түшүм эледир, Сагынычым жазып күнүм келгендир  Чырайыңа чайынмайн эч качан Өлүм деле албайт мени негедир. Баталгага баш сайылган күндө да Сени гана көргүм келет негедир Койнумдагы сагынычым тарабай, Сени гана эңсеп келем негедир. #кайырма #припев #ретроклип #кыргызскийклип #кыргыз #кыргызстан #ретро #молодость #вмолодости #артист #певец #чырайлуу #пролюбовь #суйуувидеолору #суйуу #жаштык #ырчылар #ырчы #клип #2006 ##историялюбви #история #темирназаров #temirnazarov