сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
482   3
04.02.2020 Бешинчи канал - Пятый канал
Урматтуу жалпы ага-туугандар, достор, 5-каналдын алып баруучусу, таланттуу, акылдуу карындашыбыз Айдана Жаныбекованын башына оор мүшкүл түшүп, ден-соолугунан жабыр тартып турат. Эки бөйрөгү иштебей калгандыктан тезинен алмаштыруу зарыл, азыр гемодиализде жаткан учуру. Бөйрөктү алмаштыруу үчүн абдан көп каражат керек. Көп түкүрсө көл болот, көл каптаса сел болот дейт, 28-февралда Спорт ордосунда эстрада ырчылары, бийчилер жана башка талант ээлери катышкан чоң кайрымдуулук концерт өтөт. 300 сомго билет алып өз салымыңызды кошуңуз, кыргыз кыйын күндө бири-бирин четте карап турган эмес. Кайдыгер карабай өз салымыңыздарды кошосуздар деген терең ишенимдебиз. Билеттерди 0708888755 номери аркылуу байланышып алсаңыздар болот. Андан сырткары: Элсом:0705984549 Сбербанк:5469380094621850 Жаркылдаган, адамкерчилиги бийик, татынакай кызыбызды жалпы биргеликте сактап калалы, Кудайым өзү колдосун!🙏 P.S Көбүрөөк бөлүшүп тууган-туушкан, досторго таратып коюңуздар сураныч!🙏
Загрузка...
481   6
07.03.2020 Osh, Kyrgyzstan
Бүгүн ушул жаркылдак акем менин бир тууганымдын туулган күнү. Мансуров Мелисбек Үсөнович өттө соонун адам шайыр,жөнөкөй,кичи пейил жана ак көңүлдүгү менен башка адамдардан айырмаланып турат. Компаниянын мотору барган жерин кызыткан,ар кандай рольдорду аткарып ар нерселерди айтып баарын күлдүрүп шаңга бөлөйт. Адам эмес чымынгада зыяны жок ушундай бир укмуш адам. Өздүк майрам кут болсун ыр саптар сизге⬇️ - Сиз өзгөчө адамсыз күлүп жүргөн, Жашоодо да бир башкача өмүр сүргөн, Кадыр барктап жүрөберсин дайым сизди, Жаныңыздагы адамдар бирге жүргөн. - Куттуу болсун бүгүнкү туулган күнүңүз, Эч оорубай ден соолукта жүрүңүз. Күлүп жайнап адамдарды күлдүрүп, Дал ушундай шаттуу өмүр сүрүңүз. - Мелис акем дайым жыргап жүрсө экен, Туулган күндө бийлеп,ойноп,күлсө экен. Бир ай өтүп кийинки кассага барганда, Чек алганда Мелис акеме түшсө экен.😄 #С#ДНЁМ#РОЖДЕНИЯ#БРАТ @melis.mansurov