сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
480   20
06.01.2020
2-болук.Магазинден кичинерээк оюнчукка алымсынбайм.Наташа деген озумдой эле куурчактар болоор эле,барып ошону кучактап келип калам....Эч нерсеге конбойм,керек болсо таяктаса деле,алам дедим алам....Кагылайын апам,даарысына деген акчасы жок калат... Анан чий базарга жонойбуз.Себеби,ар бир жумада камыш оруп,кургатып,10чакты чий токуп,ошол базарга эшек араба менен апам,агам менен таштап кетишет.Базаркомго откоруп коюшат,ал киши откон чийдин акчасын берет.Бул биздин уй булодо апам учун, омур бою иш арасындагы эле бир жумуш эле...Эшегибиз да эки арткынкы буттары маймак болчу,лыжадай болуп,аны аралатып туруш керек ай сайын.Кээде осуп кетет,байкуш.Суббота кундору алып бар десе,агам уялат,студент классташ кыздарым келе жатса,мен эшек араба менен....буту да маймак ..деп.Кыскасы барабыз,ал кишини атамды тааныгандай эле тааныйм.Базарда кыйкырып,баарын башкарган киши,бирок аманатка эч качан кыянаттык кылбаган калыс инсан экен,рахмаат!!!Биздин чоон уй булонун бир булагы ушул чий.Акчаны алдык,даарыкандан ото эле кооп даары алдык.Чай,туз,макарон,эт,ширенке,кыскасы чийдин пайдасы чон экен.Анан апам булочка алат эки эле даана....нан саткан дукондун жыты,кандай сонун эле э?...(уланд.бар)
Загрузка...
479  
23.01.2020
Бүгүн менин бир тууган иним карачечекейим,аска тоом,бир боорум Сыдыков Турусбек Урматовичтин туулган күнү.Ушул тапта Туулган күнүн АРМИЯда тосуп жатат. Улуттук гвардияда аскердик кызматын өтөп жатат. Туулган күнүң кут болсун көөп жаша,эч ооруба өмүрүң узуун келечегиң кең болсун. Эл ичинде кадыр баркың жогору болуп, элдин сыймыгы бол биз сыймыктанып эле жүрөберели дайыма. Аскердик кызматты жакшы ийгиликтүү өтөп кел. Тули деп эркелетип койчубуз өзүм чоңойтконмун мойнума көтөрүп.Ушул инилеримди карайм деп биринчи класстан баштап окуган классымдан башка класска эрте мененки сменадагы класска которулганмын. Жылдыз эжем, менден кичүү иним Ырысбек болуп бирибиз сабака кеткенде бирибиз карап бирибиз келгенде экинчибиз сабака кетип карачуубуз. Эң кенже иним Бектурсундуда ошентип чоңойтконбуз. Анда жашоо кыйын болчу атамда апамда иштечүү биз көргөн кыйынчылыктарды инилерим көрбөсүн деп тырышып турмушка быштым. Бирок ошол күндөрүмө сүйүнөм себеби бизда бай жашап кеңири чоңойгондо жашоонун кадырын билмекда түшүнмөк да эмесбиз.Жашоо ушундай боло берет деп башкача чоңоюп калмакбыз.Бизди тапкан Атам апам биздин байлыгыбыз бүгүн сиздердин майрамыңыздар себеби ушул күнү 1997-жылы биздин үйгө кубаныч, орду толгус сүйүнүч бакыт келген аябай сүйүнгөнбүз баарыбыз. Бактыбызга бар болуңуздар оорубаңыздар эч качан.Өмүрүңүздөр узуун болсун көөп жашаңыздар биздин төрүбүздө балдарыбызды эркелетип бактылуу каралык сүрүңүздөр АТА АПА.