сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
8780   330   84980
16.04.2020
#БАРБЫЗ долбоорунун алкагында өлкө жарандарына COVID-19 коронавирусунун жайылышына бөгөт коюу максатында, “Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду эстрада жылдыздары менен биргеликте Фонддун каттоосунда турган ошондой эле, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясынын тизмесине ылайык 1280 муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктарын жана жеке гигиенага керектелүүчү бет кап, антисептик, самын ж.б.у.с таратышты. Ушундай оор кырдаалда муктаж үй-бүлөлөрдү колдоп, бул долбоорго кол кабыш кылып, жардам берген баардык мекендештерибизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Сиздин кайрымдуулугуңуз ар бир муктаж үй-бүлөнүн бүгүнкү жана эртеңи үчүн абдан маанилүү! Акча которуулар үчүн төмөндөкү номурлар кызмат кылат: ЭЛСОМ-0770 00 40 44 БАЛАНС-0770 00 40 44 М-БАНК-0770 00 40 44 0 ДЕНЬГИ-0770 00 40 44
8777   111
01.07.2020
Эгерде жакындарыңыз ооруп жатса, Тафрижия салаватын окусаңыз жакшы. Бул салават оорулуу адам айыгып кетүү үчүн, кыйынчылыктардан коргонуу үчүн жардам берет. Ар бир адам аны 4444 жолу жекече же жамаатка бөлүштүрүп окуса, Кудуреттүү Кудайдын каалоосу менен бейтаптын абалы жакшырат. Дуба ар кандай оорулар жана оор кырдаалдар үчүн окулат. Бул салаватты окуй турган адам алгач 3 же 5 жолу: “ Астагфируллоохал-ъазиим ва атуубу илайх. Аъуузу биллахи минаш-шайтоонир-рожиим. Бисмиллаахир-рохмаанир-рохиим. Инналлооха ва малааикатахуу юсоллууна ъалан-набийй. Йаа аййухал-лазиина аамануу соллуу ъалайхи васаллимуу таслиимаа” деп чын ыкластан окуган соң дуба-тилегин жүрөгү менен Аллахтан сурап, тафрижия салаватынын арабчасын окуй башташы керек. . Тафрижия салаватынын котормосу. Оо, Жараткан Аллахым! Пайгамбарыбыз Мухаммадга чексиз ырайымыңды төгөкөр... Анын урматы үчүн түйүндөр чечилип, кыйынчылыктар жөнгө салынат. Анын урматы үчүн муктаждыктар камсыз кылынат. Анын урматы үчүн көкүрөктөгү аруу тилектер орундалат. Анын урматы үчүн албан-албан ийгиликтер жүзөгө ашырылат. Анын урматы үчүн булуттардан жамгыр жаайт. Анын үй-бүлөсүнө, кутман сахабаларына да ар дайым жана Өзүңө маалым болгон жандуу-жансыздардын санынчалык ырайымыңды төгө көр... . @taalim__ баракчасынан алынды . #таалим #🤲 #2020
Загрузка...
8771   101
29.05.2020
Ураааа!!! Кажется, я радуюсь больше чем сын, что наступили каникулы! Можно заниматься «ничегонеделанием», лёжа на берегу нашей жемчужины! 😀 ⠀ ⠀⠀ У нас с сыном были идеальные взаимоотношения, пока он не пошёл в первый класс. Вот тут началось самое интересное! Практически каждый день меня после уроков оставляли в классе для «беседы» о поведении моего ребёнка. 💆🏼‍♀️ Он был крайне гиперактивным, на месте не сидел и в первый же день сказал учительнице, что слушается только маму. 😅 Пришлось мне потом убеждать его, что теперь у него две мамы, и он должен быть примерным школьником. 😁 ⠀ ⠀⠀В итоге мне стало жалко постоянно читать ему лекции на тему послушания. Перестала спорить с учителем, просто молча кивала головой и говорила: «Такой у меня ребёнок. Ничего поделать не могу.» 🤷🏼‍♀️ Видимо она тоже поняла, что менять его бесполезно. 😄 ⠀ ⠀⠀Зато я научилась не указывать ему, а находить альтернативу. Вместо того, чтоб сделать выговор, когда он очередной раз нашкодит, я старалась объяснить и заинтересовать в следующий раз поступить иначе. Например, вместо: «Снова забыл форму в спортзале», таким детям надо говорить: «Сынок, завтра, пожалуйста, будь внимателен, я эту форму специально для тебя выбирала». И, о, чудо, на следующий день ему становится важным не забыть то, о чем вы просите.☝🏻👌🏻🥰 ⠀ ⠀⠀А сейчас уже он меня воспитывает и следит за каждым шагом. Даже вотсап читает, всё ему интересно. 😅 В общем, растёт защитник!❤️ ⠀ ⠀⠀Всех родителей и школьников поздравляю с окончанием учебного года! Пусть это лето будет волшебным! Ура! 🥳🔥☄️ @iskander0103 ❣️ #лето2020 #вашаайя
8770  
04.11.2019 Biskek , Kyrgystan
"БАЛ ДҮЙНӨ". Абдишүкүр ажы Нарматов. Бир тамчы бал жерге тамчылап төгүлүп кетет. Бир аздан кийин бир кумурска келип төгүлгөн балдын даамын татып көрөт. Артка кайтып жөнөйт, бирок балдын даамын татып көргөн кумурска алыска кете албай кайра кайтып келет. Экинчи жолу келгенде бал салынган идиштин четинен бир аз даамдап көрөт да кайра артка кайтат. Бирок, бул жолу да кумурска алыска кете албайт, анткени ал балдын даамын татып алган эле. Үчүнчү жолу кайра келип бал салынган идишке кирип алып, каалашынча балдан пайдалангандан кийин кайра чыкканга аракет кылат, бирок чыга албай калат. Анткени, буттары бири-бирине тушалып басканга мүмкүнчүлүк болбой калат. Канчалык аракет кылса да, анысынан майнап чыкпай буттары бир жерден жылбай калгандыктан ошол жерде өлүп калат... Эгерде кумурска аз болсо да бир тамчы бал менен чектелип, кайра-кайра кайтып келип балга башын салбаганда тирүү калмак. Дүнүйө - балдын чоң тамчысы сыяктуу. Ким балдын бир азына канаат кылса, ал балга чөгүп кетүүдөн кутулат. Ким балдын деңизине чөгүп кетсе, анда ал ошол деңизден чыга албай жок болуп кетет. Дүнүйө деп акыретин унутуу - балдын деңизине чөгүү дегени. Дүнүйө жыйнап аны акырет үчүн сарптоо - балдын бир тамчысына канаат кылуу дегени... #кыргызстан #бишкек #насаат #насааткж #макалалар #дуйно #бал #балаары #сабак #лекция #суроожооп #баяннасаат #аллах #ислам #пророкмухаммадﷺ #коран #куран #дин #чуй #ош #нарын #баткен #талас #жалалабад #ысыккол #токтогул #атбашы #чаткал #алай #nasaatkg @nasaat.kg
8766     61198
01.01.2020 Crocus City Hall
“Албетте Аллах жана Анын периштелери Пайгамбарга салават-салам айтышат. Оо, ыйман келтиргендер, силер да ага салават айткыла жана толугу менен баш ийген абалда салам айткыла.” (Ахзаб Сүрөсү, 56) "Аллахумма солли ьалаа Мухаммадин набийил уммийи ва аалихи ва саллим" Ас саламу алайкум уа рохматуллохи уа барокатуху! Урматтуу мекендештер! РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА ЖАШАП, ЭМГЕКТЕНИП ЖҮРГӨН МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗГЕ КУБАНЫЧТУУ КАБАР!!! Жыл сайын бүткүл ааламдын Мырзасы болгон Пайгамбарыбыз Мухаммед (ﷺ)ды жакындан таанытуу максатында МАВЛИД АН-НАБИ кечеси өткөрүлүп келет. Бул жылы да: «ЫРЫС АЛДЫ - ЫНТЫМАК» деген накыл кепке амал кылып, диндеш бир туугандарыбыздын жан-дүйнөсүн азык алып кетүүсүнө ниеттенип, бири- бирибизге болгон ынтымак ырашкерликти бекемдөө максатында КМДБнын РФ-дагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жаткан "МАВЛИД АН-НАБИ" кечеси болмокчу! Пайгамбарыбыз (ﷺ) тууралуу акыл насаат жана сабак алуучу баяндарды Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Азирети муфтийи Максатбек Ажы Токтомушев жана Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр Ажы Нарматов устаздарыбыз келип эл менен жолугушуп конок болуп кетишет . Ошондой эле Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Хадис Академиясынын негиздөөчүсү Чубак ажы Жалилов устазыбыз мекендештерибиздин күнүмдүк турмушка керектүү, көйгөйлүү маселелерине суроо-жооп кылып кеңешин берет, Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов мекенден алыста жүргөн мекендештер менен дидарлашмакчы. Жыл сайын салтка айланган салтанаттуу кечени айтылуу акын Идирис Айтбаев алып бармакчы.. Ошондой эле кеченин коноктору бул күндүн эң бактылуу адамына айланышы да ыктымал, анткени умра сапарына жолдомо утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Андан сырткары бир канча баалуу буюмдар бактылуу орундардын бактылуу ээлерине тапшырылат. Миң уккандан бир көргөн! Андыктан баарыңыздарды келип ардактуу конок болуп кетүүгө чакырабыз. Билеттер саналуу гана шашылыңыздар. Датасы: 26-01-2020 Башталышы: 13:00 Дареги: м. Мякинино. МКАД 66 км, пав3 Международная, 20, CROCUS CITY HALL Билеттер боюнча байланыш телефондору: +7901 7713616 +7968 8845450 +7925 1231013 +7929 5028014